Menu

Кенже Көбөкова, ырчы: “Баарыбыз өз каалаганыбызды кылып жатабыз”

Бөлүшүү:

Ыр укканда адамдын дили тазарып, жан дүйнөсү ырахат алуусу керек. Эгер ыр жана ошол ырды ырдап жаткан ырчы угармандын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулай албаса анда анын чыгармачылыкта жүргөнү түккө турбайт дешет. Ал эми бүгүнкү каарманым Кенже Көбөкова угармандардын дүйнөсүн аруулай алды жана ар бир аткарган чыгармасы менен ырахат тартуулай алат десек жаңылбайбыз.

– Кенже эже, клиптериңиз эфирлерден көп жолу берилип, ММКлардан тынымсыз маектериңизди окуп турчу элек, быйыл көп көрбөй калдык. Чыгармачылык тыныгуудасызбы?

– Ооба, туура баамдаптырсыздар. Быйыл чыгармачылык тыныгуу алып жатам, анткени чыгармачылыктын артынан бошобой жүргөндө башка иштерим аябай көбөйүп кетти. Күркүрөгөн күздө көп иштерди бүтүрөйүн, жаңы эргүү менен билек түрүп иштейин, жаңы эмгектерди жаратайын деген пландарым бар.

– Шоу бизнесте чыныгы профессионалдар жана шоуну жакшы өздөштүрүп атактуулукка жеткендер баары бир сууга май куйгандай бөлүнүп калат эмеспи. Той-аш, концерттерде жалаң үндөрүн жаздырып ырдап жан баккандар жандуу үн менен кайсы жерде болбосун ырдап кете берген профессионалдардан тартынышабы же тескерисинчеби?

– Азыр демократия деп баарыбыз өз каалаганыбызды кылып жатпайбызы. Бул көрүнүш абдан өкүнүчтүү. Маданиятыбыздын баркы кетип жатканы, ырдай алганы деле ырдап, ырдай албаганы деле ырдап ырчы атыгып жүрүшкөнүнөн билинет.

Ушунун баары бара-бара иргелет, мезгил өз ордуна коет деп ойлойм. Элдин көзү ачык, көкүрөгү тунук, акыры иргеп алат.

– Ар ким өзүнүн жан дүйнөсүнө, тагдырына жараша ыр же чыгарма тандап ырдашат дешет, кошуласызбы?

– Жан дүйнөсүнө жакын чыгармаларды аткарат деген ойго кошулам. Чыгармачыл адам болгондон кийин кандай гана багыттагы чыгарма болбосун аткарууга тийишпиз. Ошол себептен тагдырына жараша ырларды тандайт деген ойду четке кагам.

– Социалдык тармактар учурда ырчыларга жакшы шарт түзгөндөй. Кээ бири бул тармактар аркылуу бизнес да кылып жатышат. Социалдык тармактардын сизге тийгизген пайдасы? Негизи активдүү колдонуучусузбу?

– Ооба, азыр замандын талабына ылайык баарыбыз эле социалдык тармактарга кирип калбадыкпы. Өтө эле активдүү колдоном деп айта албайм, жарнама жайгаштырган учурларым болот. Пайдасы бир аз болсо да тиет, бирок дайыма эле колдоно бербейм, көбүнчө башка иштерим менен алек болуп калам.

– Азыр кээ бир ырчылар айрым атактуулардын үндөрү менен эле тойлордо ырдап жатканын көп көрчү болдук. Сиздин пикириңиз?

– Негизи бирөөнүн үнү менен ырдаган туура эмес. Эгер элдин арасынан оюн ойнотуп, ошол инсанды кумир тутуп туурап койсо боло берет, бирок бирөөнүн үнү менен ырдап каражат табуу туура эмес, шариятка да туура келбейт. Анткени ал изденген жок, маңдай терин чачып каражат тапкан жок деп билем.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: