Menu

Жанар Солтон-Сары кени боюнча “жарылды”

Бөлүшүү:

ЖКнын жаш депутаты Жанар Акаев агынан жарылды. Ушул тапта Нарынды түрө кыдырып жүрүшкөн Рыскелди Момбеков баштаган эл өкүлдөрү ал жактын эли менен ачык сүйлөшүп, көптөгөн маселелерди жеринде талкуулоодо. Сыягы, жакында эле Солтон-Сары кени боюнча дагы кызыктуу суроолор берилген окшобойбу. Ал кен тууралуу мындан бир ай мурда өкмөт бир ай мөөнөт сурап, бир жагына чечилээрин айтышкан болчу. Бир айга чукул убакыт өттү, бирок кендин тагдыры боюнча өкмөт ак же көк деп жооп айта элек. Кебетеси, кен боюнча чыккан элдерди тымызын сооротуп, айрымдарын коркутуп жатса керек. Буга чейин өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барып элди сабырдуулукка чакырып, өкмөт бул ишке кайдыгер эмес экенин, бир ай убакытта Солтон-Сары кениндеги маселелер чечилээрин айткан. Ошол эле кезде Боронор белгилүү сайттардын бирине маек куруп жатып, ал жердеги башаламандыктарга айрым күчтөрдүн тийиштиги бар экенин да кошумчалаган. Ал учурда мурдагы президент Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө бийликке сес көрсөтүп жаткан болчу. Бирок, жергиликтүүлөр кен боюнча чыгып жаткан элдерде эч кандай бирөөлөрдүн кийлигиши жок экенин айтышкан.

Нарындагы жолугушуудан кийин депутат Жанар Акаев Солтон-Сары кени боюнча чыккан элдин артында бирөөлер турат деп саясат издеген бийликке, өзүнүн жеке баракчасы аркылуу кайрылды. Анда Акаев: “Кыргызстанда кендерге, керек болсо чек арага байланыштуу кандайдыр бир ызы-чуу чыкса, бийликтердин биринчи эле суроосу “Мунун артында ким турат?” деген суроого жооп издейт экен. А чыныгы проблеманын келип чыгуу себептерин кароо экинчи орунда. Урматтуу бардык бийлик бутактары, өкмөт, күч блогу, мындай проблемалардын артында силер ойлогондой Бакиев же Акаев, Атамбаев же Мадумаров, Бабанов же Америка, Россия эмес, мунун артында кадимки эле проблеманы айтып какшап, күтүп, бирок силер такыр көңүл бурбай, чыдамы кетип аргасыз ушул кадамга барган эл турат.

Нарында Солтон-Сары кенинин тегерегинде маселе тууралуу жергиликтүү эл менен жолугуштук. Учурда күч органдары жергиликтүү активисттерге болгон ар кандай кысымдарды тез арада токтотсун, бул үчүн мен укук коргоо органдарына расмий дагы кайрылам, лицензия кайра каралып, жергиликтүү эл өкмөт менен дипломатиянын алкагында, маселени бир столго отуруп талкуулашсын. Комиссиянын ишине эч тоскоолдук болбосун. Калган маселеге Жогорку Кеңештин жыйынында кенен токтолобуз” – деп, билдирди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: