Menu

Фото – ИИМ: Россия Федерациясынын ИИМдин жогорку окуу жайларына быйылкы жылдын курсанттары ийгиликтүү тапшырышып, ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-август күнү Россия Федерациясынын ИИМдин жогорку окуу жайларына быйылкы жылдын 22 курсанты ийгиликтүү тапшырып, ант беришти. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С. Өмүрзаков, ИИОнун ардагерлери, курсанттардын ата-энелери жакын туугандары жана ИИМдин Академиясынын өздүк курамы катышышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө, курсанттарды ант берүү аземи менен куттуктап, милиция кызматкери билимдүү, кесипкөй, ар-намысына жана милдетине туруктуу, элдин тынчтыгын камсыз кылууга кылмыштуулук менен күрөшүүгө ар дайым даяр болууга милдеттүү, “Бүгүн, силер Россия Федерациясынын ИИМдин жогорку окуу жайларына окууганы жөнөп жатасынар”. Силердин алгачкы милдетиңер- жакшы билим алып, өзүнөрдүн жакшы жагыңарды көрсөтүшүңөр керек. Кыргыз элинин өкүлдөрү катары өзүңөрдү жакшы алып жүрүп, ата-энелериңердин жана ИИМдин жетекчилигинин ишеничин актоого колдон келген аракеттериңерди кылгыла”, – деп баса  белгиледи С. Өмүрзаков.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын  полковниги Адылбек Бийбосунов, “Биз силерди Россия Федерациясынын ИИМдин  жогорку окуу жайларына татыктуу билим алып, жогорку тажрыйбалуу кесипкөй  кызматкер катары толук курамыңар менен биздин катарыбызга кошулууңарды  каалайбыз”- деп белгилеп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: