Menu

Кыргызстан бизнес боюнча 100 жыл артта калды

Бөлүшүү:

Кыргызстан бизнеси өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдөн 100 жылга артта калганын Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Сталбек Акматов айтты.

Анын айтымында, өлкө экономикасын көтөрүп, миграциянын агымын токтотуу үчүн мамлекет жаңы жумушчу орундарды түзүп бере алчу ишкерлик чөйрөсүнө көмөктөшүп, анын өнүгүүсүнө салым кошуусу зарыл. “Буга чейинки көңүл кош мамиледен улам Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсү өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жылга артта калды. Бүгүнкү күндө мамлекеттик колдоо болуп, азда болсо көңүл бурулуп жатат. Бирок, бизнестин өнугүүсү абдан жай. Айрым ведомсгволордун шалаакылыгынан ишкерликтин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаралууда. Ошондой эле кадр маселеси бар. Көп учурда өндүрүүчүлөр бул тармакты жакшы түшүнбөгөн мамлекеттик кызматкерлерден ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат алышат. Алар убакытты создуктурган учурлар арбын. Ал эми баарына маалым болгондой, бизнесте убакыт алтынга тете. Мындан сырткары, өлкө экономикасы да түздөн-түз бизнестен көз каранды. Ишкерлик өнүксө кошумча жумуш орундары да түзүлөт. Ага ылайык миграциянын агымы да азаймак”, — деди Акматов.

Ошондой эле ал ишкерликти өнүктүрүү багытында иштелип чыккан учурдагы программаларды эртерээк кабыл алып ишке киргизиш керек экенин кошумчалады.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: