Menu

Мирзиёев блогерлер колдоого алынарын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта «Шарк Тароналари» деп аталган эл аралык музыкалык фестивалга катышуу үчүн келген жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен жолукту. Өзбек блогерлери менен сүйлөшкөн президент аларды дайыма колдой турганын белгиледи.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев мындан тышкары журналисттердин суроолоруна жооп берип, өлкөдө ачыктык саясаты улантыларын айтты.

«Акыркы жылдары Өзбекстан дүйнөгө эшигин ачып, эл аралык коомчулукка бардык чындыкты жеткирүүнү каалап жатат. Эң башкысы талкуулап, сынга алууга болот», — деди мамлекет башчы.

26-августта Шавкат Мирзиёев Самаркандда өткөн «Шарк тароналари» февтивалынын ачылышына катышкан. Быйыл бул иш-чарага дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн 340 катышуучу келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: