Menu

Фото – Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө динамикалуу өнүгүп жаткан кыргыз-кытай коңшулаштык мамилелерин, достугун жана кызматташтыгын жогору баалайт.

«Кытай Кыргыз Республикасынын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири жана өлкө жетекчилиги эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда эки жактуу алакаларды мындан ары карай ырааттуу өнүктүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Аларды ишенимдүү жана өз ара пайдалуу катары сыпаттоого болот», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал кытай тарапка 2019-жылдын 11-12-июнунда Бишкекте «Манас» операсын ийгиликтүү уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай элчисине кыргыз тарап Кытай опера жана балет театрынын артисттерин жана өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоону чечкиндиги тууралуу маалымдады.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде Кыргыз Республикасы Кытай үчүн дос, маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналарын жана достук мамилелерди көп тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин айтты.

Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, инновациялык жана санариптик технологиялар, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары кытай тарап вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 2019-жылдын октябрында Наньин шаарында өтө турган «Кытай – Борбор Азия» VII Кызматташтык форумуна катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыз тарап Кытай Эл Республикасы менен эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогору маани берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: