Menu

Орусияда тажик мигранттарына арналган радио кайрадан иштей баштады

Бөлүшүү:

Интернетте тажик мигранттары үчүн ачылган онлайн-радио кайрадан иштей баштады. Кеңсеси Москвада жайгашкан «Муходжир» («Мигрант») аттуу радионун берүүлөрү тажик тилинде даярдалып, мигранттардын жашоосу жана миграциялык мыйзамдарга киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу жаңылыктар айтылып турат.

Радионун негиздөөчүсү Абдурахим Каландаровдун айтымында, алты адамдан турган жамааттын негизги максаты — эмгек мигранттарынын жашоосу тууралуу объективдүү маалыматтарды таратуу, мекендештерге юридикалык жактан көмөктөшүү жана аларга жумуш, батир издөө боюнча кеңеш берүү.

Азырынча радионун кызматкерлери ыктыярчы катары бекер иштешет. Заманбап жабдуулары бар, кеңсени ижарага алышкан.

Онлайн-радио алгач 2012-жылы ачылып, 2015-жылы ишин токтоткон. Анда радионун эфиринен тажик ырлары жаңырып, угармандар үчүн түз эфирге чалып, калоо-тилектерди айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Учурда Орусиянын аймагында жалпысынан бир миллиондон ашык тажик жараны иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: