Menu

Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, аны эмне күтөт?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Аскар Акаев Кыргызстанга келсе эмне күтөөрүн түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, 2005-жылдын апрелинен тартып Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө, өзүнө жана үй-бүлө менен байланышы бар адамдарга бир катар кылмыш иштери козголгон.

Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу эле 30 чакты кылмыш иши ачылган. Мамлекетке фонд аркылуу 64 миллион сом чыгым келтиришкени аныкталган.

Мамлекеттин энчисине ондогон имараттарды жана башка мүлктөр кайтарылган.

Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сырттан 20 жылга эркинен ажыратылган. Көз боемочулук жана башка беренелер боюнча айыптуу деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоого да чечим чыгарылган.

Айдар Акаевге төрт кылмыш иши козголгон. Анын мамлекетке 3 миллион доллар чыгым келтиргени аныкталган. Дагы 11 кылмыш ишинде анын түз жана кыйыр күнөөсү далилденген.

Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу жаза сырттан камакка алуу менен чектелген. Ошондой эле Айдар Акаев менен Адил Тойгонбаевге эл аралык издөө жарыяланган.

Укук коргоо кызматтары республиканын улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн мыйзам алкагында иликтөө иштерин улантышат.

Жакында Аскар Акаев орус басылмасына маек берди. Эң кызыгы анда ал мекенине кайтууга даярдыгын билдирди: “Мекениме кайтышыма эч кандай формалдуу каршылыктар жок. Бирок, мага каршы маалыматтык чабуулдар болуп жатат. 13 жыл мурунку калп маалыматтарды, куру дооматтарды кайрадан айтып чыгышты. Алардын айтканына караганда, мен жарым тонна алтын уурдаган экенмин. Мен Алмазбек Атамбаевдин убагында Кыргызстанга бара алган эмесмин. Анын айынан эки бир тууганыма топурак сала алган жокмун. Анткени мага ачык эле коркутуулар болгон. Азыркы бийлик мен тууралуу бир дагы ирет сын-пикир айткан жок. Мага карата козголгон кылмыш иштеринин токтогонуна 12 жыл болду”,- деди Аскар Акаев.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев үй-бүлөсү менен 2005-жылы 24-марттагы революцияда өлкөдөн чыгып кеткен. Жакында анын кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгени малым болгон.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: