Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Бабанов коркок жигит. Ал керт башынан эмес, дүйнөсүн жоготуп алуудан коркот!”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, “Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралсын”- деген таризде аныктамасын Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна жөнөтптүр. Бул адилеттүүлүктүн орун ала баштаганынан кабар береби же Атамбаевди саясаттан жок кылыш үчүн жогору жак Текебаевди эркиндикке чыгарууга аргасыз болдубу?

– Сот “Атамбаевди жок кылыш үчүн Текебаевди акташ керек” деген алкакта жүрбөшү керек. Судья  мыйзамдын талабы менен гана иш кылып, сотто Атамбаевди биротоло жок кылыш үчүн же саясий өңүттө чечим чыгарбашы керек. Сотто иштин укуктук жагы гана каралышы шарт. Мен эмнегедир Текебаев менен Чотоновду актап салат деген ойдон алысмын. Анткени, ишти оңдоп кароо кадыресе эле болуп жүргөн процесстердин бири. Кээ бир иштер 11 жолу Жогорку соттон артка кайтарылган учурлар болгон. Ошон үчүн биротоло акталып кетээринен шек санап жатам.

– Бирок, “ата-мекенчилер” чындык жеңгендей кубанып, “Текебаев акталат”- деген үмүттө болуп жатышат го?

– Акталсын. Каршы эмесмин. Текебаевдин иши объективдүү каралган эмес. Жогорку соттон жаңы ачылган жагдайдын шартында оңдоп каралсын деген чечим болсо, адилеттүү чечим деп айтат элем. Чечимди окуй элек болгон үчүн кандай максатта каралсын дегенин билбей жатам. Анткени, “кайра оңдолуп каралсын” дегендин түрү бар. Текебаевдин ишин кандай максатта каралсын деп артка кайтарганы белгисиз болуп жатат.

– Баса, Өмүрбек Бабанов буга чейин Кыргызстанга келээрин жар салып, бирок алган билетин кайра артка кайтарган эле. Бу сапар кантип коркпой келди? Же сүйлөшүү жүрүп, камалбасына көзү жеттиби?

– Менин жеке пикиримде сүйлөшүү болгон. Бабанов коркок жигит. Ал керт башынан эмес, дүйнөсүн жоготуп алуудан коркот. Бабановдун келишинин аркасында Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев, Россиянын президентти Путин жана биздин экс-президенттер Акаев, Бакиев жана алардын балдары Максим менен Айдар турат. Алар Бабановду “ушул кырдаалдан пайдаланып бар”- деп көндүрүшкөн. Россиянын бийлиги аркылуу кепилдик алып беребиз дешкен. Менимче, Бабановду жөнөткөндөр Кыргызстандагы азыркы бийликтин бекемдигинен шек санашат. Кокус революция болуп кетсе бийлик башына улутчулдар же исламчылар келип калбасын дешип, Бабановду “биз сени колдойбуз, бийлик колуңа тийсе, Бажаев экөөңөр каалагандай башкара бересиң”- деп көндүрүшкөн. Алардын оюу боюнча Кыргызстанда Россиянын саясатын колдогондор бийликке келиши керек.

– Бабанов камалбайт деген кепилдик барбы?

– Бийликтин кепилдиги жок болсо, Бабанов келмек эмес. Россиянын ФСБсы кепилдик берген үчүн Бабанов келди. Президенттин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, “Коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деген сөзүнө туруп, Атамбаевди камаганына корстон болбой Бабановду да ал аралашкан иштер боюнча суракка алышы керек. Башканы айтпасак да, “Жерүй” боюнча суракка алып, неге Кыргызстандын үлүшү жок берилип кеткенин себебин билишибиз керек. Анткени, “Жерүйдөн” казыла турган 105 тонна алтындын канчасы Кыргызстандыкы экени белгисиз. Чынында “Жерүй” Чыңгышев түзгөн башкы келишимден да кооптуу шартта берилип кеткен. Башкы макулдашуусу жок иштеп жаткан “Жерүй” боюнча Бабанов мыйзам чегинде суралышы керек. Атамбаев менен Бабанов Бажаевге Кыргызстандын үлүшүн белгисиз кылып берип жиберишкен. Бул жерде коррупция бар. Ошон үчүн Бабанов жок эле дегенде “Жерүй” боюнча суроолорго жооп бериши керек. Анан “Азия Моллду” да ачыкташы керек. Болбосо эл тынчыбайт. Кыскасы, Атамбаевге жасалган мамиле Бабановго да жасалышы керек. “Инструментальщикти” кантип арзан баада алганы да ачыкка чыгышы шарт. Болбосо, президенттин коррупция менен күрөшөм дегени эч нерсеге арзыбаган кеп болуп калат.

– Бабановду кандай максат менен Россия колдоого алып жатат?

– Бабановду президент кылып Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бирден камоону максат кылып жатышат. Эгер Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим чыгарып, өз алдынча иш кылбаса, кимдер менен иштешип жатканын түшүнбөсө, өзү ошондой сырткы күчтөрдүн курмандыгына айланып калышы ыктымал. Анткени, ал да Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү болгон. Ошон үчүн эртерээк өзүнө келип, тезирээк чечим чыгарышы керек.

Президент 30дай депутатка кылмыш ишин козгоп, илмекке илип отурбай, актап же камашы керек. Аларды илмекке илип отургандан маселе чечилбейт. Ушул жагын да эске алышы керек.

-Азимбек агай, неге иштеп жаткан президент да, экс-президент да Путиндин кабыл алуусунда болду. Бизде Россиянын макулдугусуз иш кылуу мүмкүн эмеспи?

– Акыркы мезгилде кылмыш иштер да Москва менен кеңешилип калды. Батукаевге окшогондор да Москва менен кеңешилип чыгарылып калды. Биз болсо Москванын айынан Саляновага окшогон кыздарыбызды каматып отурабыз. Бул чынында уят иш. Президенттерибиз кыйын болсо Акаев, Танаев, Бабановдорду Москванын колтугунан чыгарып, алтындарыбыз үчүн суракка алышы керек. Анткени, алтындарыбызды Акаев менен Танаевдер саткан. Коррупциянын атасын, энесин Кыргызстанга алып келип, авторитардык режимди орноткондорду жоопко тартышыбыз шарт. Айтайын дегеним, Акаев авторитардык режимди орнотсо, Бакиевдер аны ого бетер гүлдөткөн. Бирок, биздин президенттер Путиндин же Лукашенконун алдында аларды “бергиле” деп бир да жолу маселе коюшкан жок. Мунун өзү мококтук, тең ата сүйлөшө албагандык.

-Путин чакырган үчүн Атамбаев Канттагы авиабазадан учса да, бийлик реакция кылган жокпу же анын башка сыры барбы?

– Кылмышка шектелип жаткан Атамбаев Канттагы Россиянын авиабазасынан учуп Путинге жолугуп келди. Ага бийлик реакция кылган жок. Ал турсун “кылмышка шектүү адамды эмне үчүн Россиянын президентти кабыл алат, нега аны базаңардан учуруп жатасыңар?”- дегенге жарашкан жок. Жок эле дегенде Тышкы иштер министри реакция кылышы керек болчу. Эмнегедир реакция кылышпай, билмексен болушуп койду. Барынан кызыгы, Жээнбековду жайлайм деген адамды Путин кабыл алды. 2005-жылы Танаевди авиабазага киргизбей кармап алганбыз. Бирок, бийлик ошону кылган жок. Анткени, Россиянын таасири менен тергөө ишин жүргүзүп, Россиянын таасири менен жашап жатабыз да. Эртең парламенттик шайлоо болсо, Россия макулдук берген партия парламентке келет. Анткени, биз Россиядан чыктык, бөлүндүк деген колониялык сезимден трансформация боло албай, кайра жарала албай жатабыз. Бийлигибизге, байлыгыбызга, эгемендигибизге ээ бололу деген улутчулдарды Кыргызстанда да сыртта да жолоттпой жатышат. Чынында дүйнө жүзүндөгү күчтүү мамлекеттер патриоттор, улутчулдар бийликке келгенде болот.

– Атамбаевдин тагдыры кандай болот? Сооронбай Жээнбеков ичкен кудугуна түкүргөн жокпу?

– Атамбаев өзүн өзү кылды. Анткени, ал бийликти өзү жаратты. Аны эл колдоп, шайлоодон жеңип келген жок. Ал бийликтин күчү менен бийликке келди. Ал турсун бийликтин күчү менен президент болду. Парламент түздү. Мен Аксыдан Атамбаевге видеокайрылуу аркылуу “тергөө менен кызматташ, “мен кууп чыгам, атышам” дегенди кой, тергөө менен кызматташкандан башка жолуң жок”- деп кайрылгам. Анткени, Атамбаевди мурдагы иштери менен жоопко тартыш кыйын болчу. Ал тергөө менен кызматташып, ИИМге келбесе тергөөчүнү үйүнө чакырып, суракка атайын кабинет бошотуп берем деши керек эле. Мен дос катары кайрылгам. Себеби, мунун аягы эмне менен бүтөөрүн сезгем. Мен ойлогондой эле болуп, Атамбаев өз тагдырын өзү талкалады. Эски досторунун сунушун укса, мындай болмок эмес. Жаңы достору аны түртүп коюп, ойт берип чыгып кетишти. Чынында аны 7-августтагы ишинен башка мурунку иштери менен камай албайт болчу.

Бирок, башка президенттердей эле анын тилеги жаман болду. Мураскор дайындаганы менен өзү бийликти башкарууну каалады. Маселе ошондон чыгып, арты Атамбаевдин камалышы, кан төгүү менен коштолду. Негизи биздин президенттердин Кудай талаа тилектерин кабыл кылып жатат. Акаев “мага Англиянын королундай бийлик бергиле” деп отуруп, легендарлуу парламенттен бийлик алды. Каршы болсо, иштетпей коюп, референдум аркылуу чоң бийликке ээ болду. Жыйынтыгында башкара албай калып, үй бүлөсү кошо мамлекетти башкарууга аралашып кетти. Үй-бүлөлүк башкарууну Акаев жаратты. Бакиев “Акаевдин бийлиги укмуш турбайбы, ал туура эмес пайдаланган турбайбы”- деп, “бул бийликти керек болсо, автомат менен коргойм” деди. Айткандай эле автомат менен коргоду. Көп адамдар өлүп, максатына жетти. Атамбаев болсо: “менде курал бар. Керек болсо атышам”- деп атып, кан төгүлдү. Эми Сооронбай Жээнбеков “мурдагы президенттердин катачылыгын кетирбейм. Ниетимди түздөйм, мурдагы кемчиликтерди оңдойм, коррупцияны жоём”- деп ниет кылышы керек. Атамбаевди, “баланчаны камайм” деп көп эле ниет кыла берсе арты жаман болуп калат. Анткени, Алла Таалаа президенттердин ниетин берип коёрун мезгил өзү көрсөттү. Убактылуу өкмөт да революциянын алдында ниет кылганбыз. “Революция кылып, бийликке келсек Конституцияны оңдойбуз, таза ачык шайлоо өткөрүп, ким утуп келсе өзүбүздү таркатабыз”- дегенбиз. Биз да ниетибизге жеттик. Тилекке каршы, жеңүүчү болуп “Ата Журт” келди. Биз да жаманбы, жакшыбы ниетибизге жеттик.

-Атамбаевди колго түшүүгө көндүргөн Курсан Асановго “милициянын кызыкчылыгын сатты, кызматынан кыйнаттык менен пайдаланды”- деп коюлуп жаткан дооматтын жөнү барбы?

– 7-августта Бишкекте болбогон, Атамбаев менен 2012-жылдан бери саламдашпаган мени деле суракка чакырып жатышат го. Мага караганда, Курсан Асанов Атамбаев менен тез-тез жолугуп, депутат болуп, Ички иштер министрлигинин орун басарлыгына чейин жетти. Балким, тергөө органдарында коомчулукка белгисиз болгон жашыруун маалыматтар бардыр. Ошон үчүн ошондой айып тагып жатышкандыр. Менин оюмча тергөө органдарында ким Атамбаевге кирген, канча жолу сүйлөшкөн деген сыяктуу маалыматтар жетиштүү. Ал турсун ким эмне жөнүндө сүйлөгөнү тууралуу да маалыматтар бар.

Мени тергөөгө чакырганда “мени Атамбаев менен жолукту деген маалымат барбы?” десем “жок” дешет. Биз 2012 –жылдан бери жолуга элекпиз. Гезит беттеринен гана урушуп келе жатабыз. Ал мага канкор, канга тойбогон деп доомат койот. Мен болсо жанында киши эмес, мышык да жок дейм. Айтор, саламдашмак турсун, ушундай мамиледе болчубуз дедим.

– Дагы кимдер суракка чакырылышы мүмкүн?

– Дагы көп адамдар суракка чакырылат. Мага жеткен маалыматтарга караганда “Атамбаев жоопко тартылсын”- деген 30дай депутат тымызын экс-президентке барып, алдынан өтүп, аргасыз добуш бергендерин айтып келишкен. Ошондой эле чоң бизнесмендер Атамбаевдин Москвага барып келишин каржылашкан. Менде бар маалыматтарга караганда, Атамбаев жана анын тарапташтарында “14үндө бийликти кулатабыз” деген пландары болгон. Атамбаев 6 айдан бери штабында курал жарагы, телевидениесинен бери камдап, күрөшкө катуу камданып, уюшкан кылмыштуу топко окшоп отурса да, бийлик эч кандай чара көргөн эмес.

Эми Атамбаевдин мыйзамсыз аракеттерин көрүп туруп, тизгинин тарттырганга жарабаган, Атамбаевдин тарапташтары болгон Жогорку Кеңештин депутаттарына да чара көрүлүшү керек. Анткени, алар кылмыштуу жолго бара жатканын көрүп туруп, Атамбаевди тыйышкан эмес.

Эми бийлик Атамбаевдин штабында отургандар менен иш алып барыш керек. Депутаттар куралдуу жүргөндөрүн жана таш менен куралданган элди көрүп жүрүп, ошол жерде отурушту. Жоопкерчилик болушу керек. Алар эл өкүлү. Жогорку Кеңештин депутаттары ошону көрүп жүрүп, кайра колдоп отурушту. “Алмаз Шаршенович, Биз ОПГга айланып баратабыз”- деши керек болчу. Карамушкина, Анвар Артыков токтотушу керек болчу. Атамбаев кылмыштуу жолго баратканын көрүп, билип туруп ушул депутаттар кайра колдоп беришти. Бийлик депутаттарга чара көргөн жок. Эмне үчүн аларга жоопкерчилик жок болушу керек. Алардын аракетине саясий эмес, тергөө органдары укуктук жактан баа бериш керек.

– Атамбаевди Россия экстрадициялап кетет деген маалыматка ишенсек болобу?

– Аны Россияга экстрадициялай тургандай, ал Россиянын жараны эмес да. Ал Танаев же Акаев эмес, Атамбаев өзү да Россиянын жаранымын деп айталбайт. Мен аны көп жылдан бери билем. Кемчилиги жок адам болбойт. Баарыбызда кемчилик бар. Бирок, Атамбаев башкаларга салыштырмалуу улутчул, патриот. Ошон үчүн Назарбаев менен кармашып, “чал отур ордуңа, ишиңди кылчы” дегенге тете иш кылды да. Ошондуктан Россияга экстрадия кылганга Атамбаев өзү деле каршы болот. Мен билген Атамбаев болсо, макул болбойт.

– Кой-Ташты күч менен басып калбаганда ал жак революциянын очогу болот беле?

– Кой-Ташка экс-президент отуруп алып, уюмдашкан топ түзүп, Атамбаев өзү башчылык кылып, “Кой-Таш элдик республикасы” деген плакаттарга орун берди. Эки сөзүнүн бири “бийликти айдап түшөбүз” болду. Бул бийлик ошондой сөздүн баарын угуп, чыдап отурду. Атамбаев элди ынтымакка чакыргандын ордуна акылга сыйбаган иштерге жол берди. Улам эле бир президентибиз ушинтип чыгып, элдин ынтымагына шек келтире береби?

Мен Жээнбековдун ордунда болгондо Элдик курултай чечим алган күнү эле “элдин пикири ушундай экен”- деп күрөштү баштамакмын. Анткени, Атамбаевдин узурпация кылганы, Жогорку Кеңеш анын алдында бир бөлүмгө эле айланып калганы жалганбы? Премьер-министрди өзү коюп, Жээнбековду өзү агитация кылып, Конституцияны бузду. Өзүн Кудай сезип алды. Ал турсун кызматтан кетип, оюна келгенди оттосо да, бийлик ага чыдап 6 ай тийген жок. Ансайын Атамбаев “монстрга2 айланды. Атамбаев жана анын тарапташтары 14-августта аянтка чыгып, бийликти басып алаарын билгенде гана чара көрүүгө аргасыз болду.

– Атамбаевдикиндей чечимди бардык эле адам кабыл алалабы же андай кадамга баруу үчүн да эрк керекпи?

– Кой-Таштагы окуядан кийин менин жандүйнөм тынч эмес. Менин саясатта чогуу жүргөн, оор күндөрү чогуу болгон эски досум ушуга кантип барды (?) деп өзүм да түшүнө албай жатам. Үйүнүн жанына таштарды үйүп алып, элди күнү-түнү шит кылып, акылга, логикага сыйбаган иш кылды.

Атамбаев кылганды оорулуу же жанкечти адам гана кылат. Акыры колго түшөт экен, тергөө менен мурда эле кызматташып, “аларыңар менби?”- деп элге ок аттырбай, өзү чыгып колго түшүп берсе болмок. Же парламент 5-6 айып коюп, кол тийбестигин ала электе эле Сооронбай Жээнбеков менен жарашып алса болмок. Парламент киришкенден кийин тергөө менен кызматташкандан башка жол жок болчу.

Акыркы мезгилде экс-президент, чоң саясатчы, коомдук ишмер кан төгүүгө жол берип жатса, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү не болот деп ойлоно баштадым. Бизге Сталиндикиндей мыйзамдын чегинде иш кылган тартипке сала турган темирдей тартипти сактаган адам башчы болуш керек экен деген ойго кептелип калдым.

– Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташса эле алардын баш коргоо чарасы өзгөрүп калганы туурабы же?

– Туура эле. Мыйзамда ошондой. Тергөө менен кызматташкандарга жеңилдиктер берилип, баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгат. Ал турсун, тергөө менен кызматташканын жаза берип жатканда сот дагы эске алат. Тергөө менен кызматташкан кылмыштын бетин ачканга жардам берет. Бирок, бул туура эмес.

Атамбаевага да кылмыш иши козголуптур. Ал доомат коюлуп жаткандай коррупциялык схемаларга аралашышы мүмкүнбү?

– Негизи Кыргызстанда президенттер менен кошо жубайы, үй-бүлөсү да кошо башкарууга аралашат. Ал жагынан алганда Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголгону туура эле. Анын үстүнөн да арыз жазгандар чыгып жатпайбы.

– Сооронбай Жээнбеков кандай иштеп жатат?

– Президент Жээнбековдун мен билгени 60-70 пайыз иш убактысы Атамбаевдин айланасы менен өттү. Атамбаев менен күрөшүүгө арнады. Курултайда бир жагы “ичкен кудугуңа түкүрбө, экинчи жагынан иш кылыш керек” деп айткам. 60-70 пайыз убактысын Атамбаев менен башын ачууга жумшады.

Атамбаев кан төгүп коюп, айыбын өзү ачты. Эми президент реформага отуруп иш кылышы керек. Мурда Атамбаевге ишенип, КСДП деген командабыз бар деп жүрсө, эми КСДП деген командасы жок экенине көзү жеткендир…

Эки жыл ага кимдин ким экенин биле турган мөөнөт болду. Москва, Казакстан, Өзбекстан эмне экенин билди. Атамбаевдин, КСДПнын да ким экенин билди. Эми өз командасын түзүшү керек.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: