Menu

“Легендарлуу” эмес, кыянаттуу парламент!

Бөлүшүү:

Ар кандай процесс, көрүнүш эки жолу бааланат. Биринчи, башталганда, экинчи, анын жыйынтыгы чыкканда. Башталышында жакшы баалангандар көп, аягында да андай бааларга арзыгандар аз. Саясый, психологиялык жана эмоционалдык жагдайларга байланыштуу биринчисинде калыстык, чындык аз болот. Экинчиси негизинен чындыкка шайкеш келет, аны тарыхый баа катарында атаса болот.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 1990-жылы шайланган 12-чакырылышынын депутаттарын айрымдар “легендарлуу парламент” деп атап калышат. Андай атты ошол чакырылыштын кийинки шайлоодо мандатка жетпей, элестүү айтканда, борттон сыртта калып, анан өз өксүктөрүн өткөндөгүлөр аркылуу болсо да компенсация кылгылары келген чыгармачыл чөйрөдөн келген мамадана депутаттары чыгарган мифтердин бири. Ал реалдуу чындыкка ылайык келбегендигине карабастан айрым журналисттер, саясатчылар тавтологияга айландырышып, азырга чейин тоту куштай кайталап келе жатышат. Тарыхый ретроспективадан алганда ал парламентти “Кыргызга кылымдык кыянаттык кылган парламент” деп атаган туура болот. Эмне үчүн?

Ал парламенттин ишинде чыныгы мамлекеттик, элдик кызыкчылыктардын тутумдарынан иштөө эмес, эмоционалдуулук, куру чечендик, трайбалисттик көрүнүштөр, саясый сокурлук, саясый модаларды кубалоо сыяктуу өтмө-кетме нерселер үстөмдүк кылгандыгы көрүнүп турат. 1990-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу иштеринде, экономикалык жана чарбалык өңүттөрдө кымындай да тажрыйбасы жок Аскар Акаевди Кыргыз Республикасынын президенти кылып шайлоо – ал парламенттин кыргызга кылган эң чоң биринчи кыянаттыгы болгон. Анын кесепетинен өнөр жайыбыз талкаланып жок болду, айыл чарбабыз ири көлөмдөрдөгү товардык продукцияларды өндүрүүгө жараксыз, ар дыйкан, фермердик чарба күндөлүк өз муктаждыктарын гана канааттандырууга жараган мануфактуралык мүнөздөгү бириндеген өндүрүшкө айланды. Теориялык жактан дыйкан-фермердик чарбаларды ирилештирип, кооперативдерди түзүү, аларды ири көлөмдөрдөгү товардык продукцияларды өндүрүүгө багыттоо тууралуу тилден чаң чыккыча сөз кылып, ар кандай долбоорлорду талкуулай берсе болот, бирок ал практикалык жактан мүмкүн эмес. Анткени, жамааттык чарба жүргүзүүнүн материалдык-техникалык базалары алда качан жок болгон, кадрларынан да айрылганбыз. Сугат жерлердин сезилерлик бөлүгү да трансформацияланып, айыл чарба өндүрүшүнөн чыгарылды. Демек, айыл чарбабыз канча капиталдык салымдар жумшалбасын республиканын элин зарыл продукциялар менен гана эптеп камсыз кылган, сырткы рыноктордо башкалар менен атаандаштыкка жөндөмсүз тармак бойдон кала берет.

Экономиканын негизин түзгөн эки тармактын кыйрагандыгынан улам эл жумушсуз калып, алдуу-күчтүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү эмгек мигранттарына айланып, чет өлкөлөргө тентип кетишти. Бул утурумдук жактан элге, мамлекетке пайдалуу болгон менен келечекте Кыргызстанды аябагандай чоң кесепеттерге тушуктурат. Ага өзүнчө эсседе кеңири токтолобуз, мында акырындап Кыргызстандын мигранттарды гана даярдоочу өлкөгө айланып кетүүсү мүмкүн экендигин, андай өлкөнүн келечеги өтө бүдөмүк боло тургандыгын гана эске сала кеткибиз келет.

1992-1993-жылдарда 12-чакырылыштагы парламент республиканын туусун, гербин, гимнин, Баш мыйзамын кабыл алып, улуттук валютаны киргизди. Герб, туу – мазмуну, дизайндык-эстетикалык жактан даярдалышы боюнча мурдагы Кыргыз ССРинин туусуна, гербине жеткен жок. Андан көрө жакшы нерселерди жараксыз кылбастан орустар СССРдин гимнинин сөздөрүн өзгөртүп Россияныкы кылып алышкандай, алардагы орок-балканы алып таштап эле Кыргыз Республикасыныкы кылып алсак туура болмок. Бирок, “боёкчу, боёкчу десе….” дегендей, 12-чакырылыштагы депутаттардын “баарын алмаштырыш керек” деген сокур амбицияларынан улам, ал мүмкүнчүлүк ишке ашырылбады. 1993-жылдын 5-майында Баш мыйзам кабыл алынды, парламенттик башкаруу биздин менталитетке ылайык келеби, келбейби, ал башка сөз, бирок ал Баш мыйзамды депутаттар өздөрү коргоп кала алышпады.

Эгерде өздөрү эки жыл талкуулап кабыл алышкан Баш мыйзамды коргоп, кыйраткыч менчиктештирүүлөргө, жаңыдан баш көтөрүп келаткан үй-бүлөлүк башкарууга жол беришпесе, анда чындап 12-чакырылыштагыларды “легендарлуу” деп атаса болмок. Бирок, көпчүлүгү күндөн күнгө күчөп бараткан үй-бүлөлүк башкарууга сатылып кетишсе, калгандары ал бийликке каяша да кыла алышпагандарынан улам, ал парламент шермендеси чыгып таркады.

Көз карандысыздыкка жетишкенибизге 30 жылдай болгон менен өлкөнүн ички дүң жыйымынын ар адамга чегергендиги көлөмү боюнча 1990-жылдагы көрсөткүчтүн жарымына да жетпедик. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча мурдагы Союзга кирген республикалардын арасында эң арткы орунду бекем ээледик. Өз күчүбүз менен ири эч нерсе кура албадык. Жолдорубуз да карыздарга, садакаларга гана оңдолууда. Кадрдык саясат деген жок болду. Парламентте бардыгын саткан, мандаттарды да сатып алган базаркомдор менен чоң муштумдар гана отурушса, кадрдык саясат, коррупционерлерге каршы күрөш жөнүндө сөз кылгандын өзү уят. Анткени, алардын анабашчылары Ак үйдүн ичинде отурушат. Президентке күндө кирип, акыл үйрөтүп турушат.

Мындай абалдын ушул кылымдын биринчи жарымынын аягына чейин да оңолуусуна ишенүү кыйын. Анткени, биз эң башында адашканбыз, туңгуюкка барып такала турган туура эмес жолго түшүп кеткенбиз, аны 12-чакырылыштын депутаттары баштаган. Жарым жолдо адашкандын кайра түз жолго түшүшү оңой, бирок башынан туура эмес жол менен кеткендин оңолушу абдан кыйын. Ал үчүн абдан көп убакыт, абдан көп ашыкча чыгымдар талап кылынат. Ошондуктан 12-чакырылыштагыларды элди башынан туура жолдон адаштырып, тобокелчил бүдөмүк жолго салып жиберген “кыргызга кыянаттык кылган парламент” деп өз атынан атоо керек.

Бакай Чилтегин

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: