Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык

Бөлүшүү:

Жыл башынан бери биз макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде гана кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Өкмөттүн жыйынын күн тартибине өтөрдүн алдында, өлкө экономикасынын 7 айынын жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берди.

Анын айтмында, макроэкономикалык саясатта Кыргыз Өкмөтүнүн негизги стратегиялык милдети экономиканын «Кумтөр» алтын кенине болгон көз карандылыгын азайтуу болуп эсептелерин эске салды. Ошондой эле ал бул тууралуу Жогорку Кеңеште да, коомчулук алдында бир нече жолу айтылганын кошумчалады.

«Албетте, мындай стратегияны сындагандар болбой койгон жок, алар азыр да бар. Бирок биз алда канча алдыны карай – келечекти ойлонушубуз керек. Улуттун кызыкчылыгына жооп берген, тышкы таасирлерден азыраак көз каранды болгон, ички дүң продукциянын туруктуу өсүшүн жана биздин жарандарыбыздын бакубат жашоосун камсыз кылган экономиканы куруубуз зарыл. Жыл башынан бери биз макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде гана кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык. Алсак, Ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 6,9% чыкты, же 284,4 млрд сомду түздү.  Бул көрсөткүч – ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Бул жерден баса белгилеп айта кетчү сөз – Кумтөрдү кошпогондо ИДПнын өсүшү 3,1% болду, же 252 млрд сомду түздү. Муну менен бирге сиздердин көңүлүңүздөрдү 2019-жылдын башынан берки ИДПнын Кумтөрдү кошпогондогу өсүү динамикасына бургум келет. Көрсөткүчтөрдөн Өкмөттүн аракеттериндеги ырааттуулукту, экономикалык расчеттогу тактыкты жана прагматизмди даана байкоого болот.  2019-жылдын башынан берки ИДПнын өсүшү (%) февраль – 1,0%, март – 1,4% апрель – 1,6%, май – 1,5%, июнь – 2,1%, июль – 3,1%», – деди Өкмөт башчы.

Өкмөт өз ишинде мындан ары да макроэкономиканы турукташтыруудагы бул башкы стратегиялык сызыктан чыкпай, аны бекем сактоого болгон күч-аракетин жумшай берет, – деп кошумчалады Премьер-министр.

Анын маалыматы боюнча, экономиканын бардык тармактары боюнча өсүш камсыз болду: өнөр жайы тармагында – 19,5%; курулуш – 6,9%; кызмат көрсөтүү – 2,3%; айыл чарбасы – 1,9%.

«Кыргызстан ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинде керектөө бааларынын өсүшү боюнча эң аз (100,1%) жана инфляциянын оң динамикасы катталган (0,3%) өлкө болгондугун билдирет. Беларусь – 105,9%; Казакстан – 105,1%, Россия – 105%; Армения – 101,9%», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ата мекендик продукциянын экспорту 890 млн сомду түзүп, 4,2% көбөйгөнүн, ал эми импорттун көлөмү 2,3 млрд сомду түзүп, 11,6% азайганын билдирди.

«Көрсөткүчтөрдү талдасак, бир аз да болсо экспорттун көлөмү көбөйдү, импорт бир топ азайды. Бул эмнени билдирет? Мунун өзү өнөр жай секторунда жандануу башталганын, тышкы рыноктордо биздин продукцияларга карата сурамдын жогорулаганын жана улуттук экономиканын турукташа баштаганын айгинелейт. Өкмөттүн бүгүнкү негизги милдети – мындан аркы макроэкономикалык туруктуулук, экономиканын реалдуу секторун бекемдөө, ички өндүрүштү стимулдаштыруу үчүн – өзүбүздүн ресурстарды мобилизациялоо, өлкө жарандарынын алдында социалдык милдеттенмелерди так аткаруу болуп саналат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: