Menu

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер: “Феликс Кулов Аскар Акаевге ортомчу түшкөндүн ордуна өзүнүн кылмыш иштерине жооп берсин”

Бөлүшүү:

-Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча революциялык жоол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?

– Кыргыздын жакшы макалы бар, “эчки тууй албай жатып койго арача түшүптүр”,- деген. Феликс Кулов Аскар Акаевге ортомчу түшкөндүн ордуна өзүнүн кылмыш иштерине жооп берсин биринчи! Акаев мезгилиндеги тик учактарды (вертолётторду) мыйзамсыз сатып салуу боюнча, Бакиев убагында баш-министр (премьер-министр) болуп тургандагы борбор шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан Улуттук Гвардиянын жерин жеке колго (үй куруу үчүн) берип салган. Мына ошол кылмыштары үчүн жооп берип, анан сүйлөсүн. Ушул күнгө чейин саясий торг менен жанын сактап келатат. Ким бийликке келсе, ошонун сөзүн сүйлөйт. Бакиевдин тушунда Жаныш Бакиевди мактап жүрдү, эми минтип Акаевге ортомчу түшүп баштаптыр. Аксакалдарыбыз минтип калыстыктан тайса, биз кайда барабыз? Качан улут болуп, эл болуп өнүгүү жолуна түшөбүз? Же бир ууч кошоматчы, ууру, коркок эски саясатчыларды ээрчип жүрө беребизби? Мамлекетибиздеги болуп аткан, уланып аткан, терс көрүнүштөрдүн көбүнө ошол Кулов ортомчу болуп, Кыргызстанга алып келгиси келип аткан Акаев “чыйыр” салып кеткен… “Кумтөрдөн” чыккан алтыныбызды тонотуп атабыз. Ошонун башын баштаган да Акаев эмес беле? 2002-жылкы Аксы окуясында адамдар каза болгон. Келгиси келсе келип, кылмышына жараша жооп берсин, ким кой деп атыптыр. Элинен кечирим сурасын. Орус бийлигинин колтугуна кирип алып Куловго окшогонду ортомчу кылып олтура бербей. Баары мыйзам чегинде болушу керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: