Menu

Финляндияда жасалма диплом үчүн Өзбекстан жарандары жапырт депортацияланууда

Бөлүшүү:

Финляндиянын миграция кызматы – Migri быйыл жазында жана жайында өзбекстандык 139 жаранды өлкөдөн депортациялаган. Бул тууралуу Yle басылмасы билдирди.

Басылма миграция кызматына шилтеме берип кабарлагандай, Өзбекстандын дагы 219 жараны жакынкы күндөрү өлкөдөн чыгарылат.

Мындан тышкары 258 өзбекстандыкка бул мамлекетте иштөөгө уруксат берилген эмес. Алты айда болгону өзбекстандык 42 жаран Финляндияда жумушка орношууга укук алган.

Мындай чечим Финляндияда жумуш издеген өзбекстандык жарандар жасалма диплом тапшырганы аныкталгандан кийин кабыл алынган. Өзбекстан жарандарынын көбү Финляндияда курулуш тармагында иштегендиктен, алар курулуш техникумдарын аяктаганы тууралуу дипломдорун көрсөтүшкөн.

“Курулуш техникумун аяктаганы тууралуу жасалма дипломдор алгач 2015-жылы аныкталган. 2016-жылы алардын саны бир нечеге жеткен. Кийинчерээк жүздөгөн жасалма диплом аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө караганда, жасалма дипломдордун сапаты өтө төмөн болгон, “диплом берген курулуш техникуму” Өзбекстанда 26 жыл мурун эле ишин токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: