Алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов 2010-жылдан бери миллиондогон суммада салык жашырып келгени ыраспы? Ушул өңүттөгү маалыматтар иликтенип атканы кандай? Бул боюнча далилдер ачык жарыяланабы, же «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» таризинде жең ичинен бүтөбү? Сыягы, Шакинин ишмердиги мыйзам талаасында адилеттүү каралып, эгерде жаза тайса, мыйзам чегинде айып пул төлөйбү, же башка чаралар колдонулабы, айтор, жооп бериши керек. А балким, парламенттик шайлоого карата демөөрчү болуу менен саясый топтордун көңүлүн таап кетеби? “Кыргызстан” партиясы менен мамилеси салкындап калган Шаки кайсы туурга конот болду экен?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ