Menu

Видео – Генпрокуратура: Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Тергөө аныктагандай, 8-август күнү Курсан Асанов Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнөн өзү алып чыккан, кылмыш ишине түздөн-түз тиешеси бар далил буюмдарды, документтерди жана башка предметтерди өзүнүн жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу ошол эле күнү, 8-августта кечки саат 21:00дөн 21:15ке чейинки аралыкта КР Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында уулу Мухаммед-Али Асановго берүүгө буйруп, андан ары уулуна ал буюмдарды Алмаз Атамбаевдин тарапкерлерине жеткирип берүүнү тапшырган. Бул тууралу КР Генералдык прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1368290819961225/

27-августта Курсан Асановго КР Кылмыш-жаза кодексинин 43-жана 320-беренелери боюнча кылмыш жасагандыгы тууралу шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирме тапшырылган.

Ошол эле күнү, 27-августта Курсан Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынган.

Ал эми анын 1997-жылы туулган уулу Мухаммед – Али Асановго жогоруда аталган кылмышка катышкандыгы боюнча шектүү катары токтоосуз камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланган.

23-августта ушул эле кылмышка катышкандыгы боюнча шектелип, 8-августтан бери карматпай качып жүргөн Курсан Асановдун жан сакчысы жана шоопуру Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Бишкек СИЗОсуна эки айга камакка алынган.

Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иши андан ары иликтенип, дагы жаңы шектүүлөр такталууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: