Menu

Текебаев менен Чотоновдун акталуусу күмөн жаратууда

Бөлүшүү:

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин талдап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган. Натыйжада, Биринчи Май райондук сотунан иш жаңы жагдайлардын негизинде кайра каралат. Айрым маалыматтар боюнча бул көрүнүш көз будамайлоо экени, процесстер дагы созулары, жыйынтыгында, Текебаев менен Чотоновдун толук кандуу акталышы болбой турганы ыраспы? Дасыккан оюнчулар бар жерде “маскировканы” кырдаалга жараша жасап коюу кеп бекен? А түпкүлүгүндө баягы эле чалып жыгуу аракети сакталып калса кантесиңер? Бир жылдан кийин парламенттик шайлоо болот, мындай шартта “Ата Мекен” партиясынын лидерин түрмөдөн актап чыгаруу эл астында бийлик үчүн жакшы упай болот. Келечекте болсо Текебаевдин акталуусу саясый күрөштө жемишин берерин, бийликтин алдын ала утулганына барабар экенин билдирет.

Дал ушул өңүттүн эртеңин, тийгизе турган таасирин Акүйдүн политтехнологдору кылдат иликтөөдөн өткөрүшүп, аягында Өмүрбек Чиркешовичти соттолуучу катары жарлык тагып коюшары ыктымал. Ал эми камактан эртелеп деле чыга берсе болот, иши чубалжып узара берет го? Эмне үчүн? Себеби, дал ушул маселени чечүүдө жогору жактагы лөктөрдүн карама-каршылыктуу пикирлери айтылууда.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: