Menu

ШКУга мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жарандар мамлекеттик сыйлактар менен сыйланды (тизме)

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды:

«Даңк» ордени менен

 Тилегенов Бактыбек Сабырович   –       Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;

берилсин:

 «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам

 Осмоналиев Рахатбек Муталиповичке         –       Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы   А. Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин кɵркɵм жетекчиси жана башкы дирижеруна;

 «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам:

 Абдубачаев Рысбек Исмаилбековичке         –       А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине;

 Абдыралиева Чынара Мелисовнага         –       Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Эл аспаптар академиялык оркестринин артистине;

Бабич Юлия Алексеевнага         –       А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстерине;

 Бейшеев Талайбек Сабыровичке   –       композитор, «Аура» тобунун жетекчисине;

 Жеенбаев Мурзали Тɵлɵновичке         –       Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ага окутуучусуна;

 Надырбек уулу Канатка         –       Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын балет артистине;

 Раимбекова Жамиляга –       Германия Федеративдүү Республикасынын Росток шаарындагы Фолькстеатр опера театрынын солистине;

 Ысманов Жеңишбек Эргешбаевичке      –       Италия Республикасынын Модена шаарындагы Л. Паваротти атындагы «Комунале» театрынын солистине;

 «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген ардактуу наам

 Сайрамбаев Досжан Шамшыковичке         –       «КапиталБилдингЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна;

 «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

 Зайнидин уулу Уланга   –       Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бɵлүмүнүн башчысына;

 Суеркулова Ирина Балтабаевнага   –       К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыздын салттуу элдик аспаптары кафедрасынын ага окутуучусуна;

 Чилетиров Жаныбек Жеенбаевичке   –       «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси жана башкы балетмейстерине;

 Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 Абдраимов Алмазбек Алпамышович

–       Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору;

Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович          –       Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маалымат» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру;

 Абласова Жанар Бериковна         –       П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хор бɵлүмүнүн башчысы, вокал мугалими;

Айдарбеков Айбек Акматбекович         –       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

 Амантуров Мирлан Казылаевич         –       Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын начальниги;

 Асанбекова Лейли Нурлановна         –       пианист, Бишкек шаары;

Дурусалиев Жумадыл Медетбекович   –       скрипач, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королдук филармониялык оркестринин солисти;

Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович         –       Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;

 Жолдошева Эльнура Шаршембиевна         –       Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын директору;

 Жоомартова Шекерхан Абдиллаевна         –       Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын  окутуучусу;

 Камытбеков Эрлан Шабданович         –       Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;

 Кочконов Казыбек Маматкасымович         –       Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси – Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору;

 Курмангалиев Жумакадыр Билалович         –       Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору;

Сапожникова Ирина Константиновна         –       Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы;

 Шаршеналиева Анаркүл Сурахматовна         –       А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор солисти.

2019-жыл 29-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: