Menu

Адил Турдукулов, коомдук ишмер: “Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын камакка алына турган күнүнө аз калды”

Бөлүшүү:

– Адил мырза, Атамбаев жана анын жакын жанжөкөрлөрү камалгандан кийин КСДПнын саясый иш-аракеттери тынчый түштү окшойт. Мындан ары оппозициялык маанайда каршылык көрсөтүү аракеттери болобу?

-КСДП 1992-жылдан баштап ар кайсы убакта бийликте же оппозицияда болсун, активдүү түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Азыр да ишин токтоткон жок. Мен аны билем, анткени, өзүм бул партияга 2004-жылдан бери мүчөмүн. Азыркы учурда мамлекеттин эң башкы саясый туткуну Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров менен катар эми Алмазбек Атамбаев да кошулду. Экс-президенттин жана анын тарапташтарынын тепселенген укугун коргой бермекчибиз. Келе жаткан парламенттик шайлоого да катышабыз. Шайлоо жакындаганда саясый процесстер татаалдана баштайт. Буга чейинки анча активдүү эмес күчтөр үнүн катуурак чыгара баштайт. Алар менен коалиция түзүп калышыбыз мүмкүн. Дегеле бийликтин мүдөөсүнө карасак, саясый күчтөр парламенттин ичинде болушуна кызыкдар экенин байкатат. Ал эми саясый күчтөр сыртта болуп, куугунтук жүргүзүлсө, абал тынчыбайт.

– Каражат жагынан аксоо деле болбосо керек?..

– Мен партиянын каражат жагына башынан кийлигишкен эмесмин. Негизгиси, бизде “чимкириктерге” караганда өз позициясын бекем кармап, андан танбаган инсандар басымдуулук кылат. Акчадан мурун ошол маанилүү.

– Кой-Таштагы окуя боюнча сени да күбө катары суракка чакырды эле, бул жагынан кысымдар болгон жокпу?

-Ооба, суракка ИИМге барып келдим. Мен сурактагы маалыматтарды сыртка чыгарбоо боюнча тил кат жазып бердим. Алар дагы суроолор болсо суракка чакыра тургандыгын айтышты. Мен муну азырынча өзүмө карата куугунтук катары санабайм. Бирок, Фарид Ниязов, Кыяс Смаилов, Амантур Жамгырчиевдердин камакка алынышы – биздин партияга карата кугуунтук болуп жатканы шексиз.

-Биздин баамыбызда, ошол 7-8-август күндөрдөгү башаламандык учурунда эмоциядан алыс болуп, өзүңдү сабырдуу кармасаң керек?

– Мен башынан бери «оппозиция мыйзам нугунда гана бийлик алмашууну биринчи планга коюш керек” деп айтып келгем. Азыр деле ошондой ойдомун.

– Айтмакчы, Абдил Сегизбаевдин үстүнөн прокуратурага арыз жаздың эле. Бул иш боюнча да айта кетсең, кандай болууда?

– Ооба, мен көптөн бери эле Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын жоопко тартылышын талап кылып келе жатам. Экөө тең мыйзам эмне экенин унутуп коюшуп, биринен бири ашып, оппозицияга саясый куугунтук жүргүзүп, сөз эркиндигин муунткан. Ошондуктан экөөнө тең (алар качып кеткенге чейин) укуктук баа берилип, жазага тартылышы керек. Андыктан, камакка алынчу күн аз калганына ишенип турам.

– КСДПнын саясый кеңешиндеги тилектештериңдин айтуусунда, сен партиянын башкаруусуна макул болбой, өз алдыңча билдирүүлөрдү жана саясый кадамдарды жасап, баш ийбей атасыңбы?

– Бийликтен эле бир паста радикалдуу оппозицияга өтө калыш кыйын. Партиянын кээ бир мүчөлөрү биз башыбыздан өткөргөн кыйынчылыктарды, куугунтуктарды азыр гана сезип турушат. Ошондуктан, ич ара маселелер чыгып жатканы табигый эле нерсе. Оппозицияда бийликчил партияга караганда ички демократия принциптери басымдуулук кылат. Андыктан, «ар бир мүчө өз позициясын ачык айтып туруш керек” деп баарына айтып келем. Көбү аны түшүнүү менен кабыл алып жатышат.

Суроо салган Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: