Menu

Тажикстанда быйыл окуу жылы жекшемби күнү башталат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Билим берүү министрлиги быйыл 1-сентябрь жекшембиге туш келгенине карабастан окуучулар менен студенттерди сабакка келүүгө милдеттендирди.

Мекеме окуу жылы дем алышка карабастан белгиленген мөөнөттө башталышы керектигин белгилөөдө.

Министрликтин мындай буйругу социалдык түйүндөрдө түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрым колдонуучулар «мугалимдер менен окуучулардын укуктары бузулганын» жазышса, башкалары чечим чыгып калгандан кийин аны аткаруу керектигин, болбосо окуудан чыгарып салуулары мүмкүн экенин айтып жатышат.

Бирок Билим берүү министрлиги сын айтууга эч кандай негиз жок экенин билдирип, мугалимдер менен окуучулар бул күндүн ордуна 7-сентябрда эс аларын билдирүүдө.

Акыркы жылдары Тажикстандын Билим берүү министрлиги бир нече жолу талаш жараткан чечимдерди кабыл алган. Алсак, 2017-жылы 1-сентябрь Курман айт майрамына туш келгенине карабастан, окуучулар менен студенттер сабакка барууга аргасыз болушкан.

Быйыл Тажикстанда жалпысынан 1 миллион 900 миң окуучу мектепке барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: