Menu

Равшан Жээнбеков кайсы сайттарга нааразы?

Бөлүшүү:

Саясатчы Равшан Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, бир катар сайттарда жазылган макалалардын этикалык жагын карап берүүнү суранды.

Жээнбеков «Русская весна» порталына, «раruskg.info», «stаnrаdаr.соm» интернет басылмаларына каршы даттанган. Аларда бири-бирине окшош макалалар 14-15-августта чыккан. «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат» деген өңүттөгү куру доомат маалыматтар жазылганын айтты: «Сөз эркиндигин урматтаган адам катары ал интернет басылмаларды сотко берген жокмун. Маселени калыс карап, баа берчү комиссияга даттандым». Жээнбеков «Русская весна» басылмасы Орусияга таандык экенин, берки эки сайт Кыргызстандан эле каттоодон өтүп, иштеп жатканын кошумчалады.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: