Menu

Украин парламенти премьер-министр кызматына Алексей Гончаруктун талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Украинанын Жогорку радасы 35 жаштагы Алексей Гончарукту өлкөнүн премьер-министри кызматына бекитти. Бул тууралуу «Интерфакс-Украина» маалымат агенттиги билдирди.

Гончаруктун талапкерлигин Жогорку раданын жаңы чакырылышынын алгачкы сессиясында президент Владимир Зеленский менен парламентте көпчүлүктү түзгөн «Эл кызматчысы» фракциясы сунуштаган.

Өлкөнүн буга чейинки өкмөт башчысы Владимира Гройсман бейшемби күнү отставкага кеткен.

Украинанын тарыхында эң жаш премьер-министр болгон Гончарук буга чейин президенттик администрациянын башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жогорку радада сүйлөгөн Гончарук жаңы министрлер кабинети экономикалык өсүштү камсыздаган реформаларга, коррупция менен күрөшкө артыкчылык берерин айтты.

Украин парламенти өкмөт башчыдан тышкары Жогорку раданын спикерин шайлады. Бул кызматка «Эл кызматчысы» партиясынын төрагасы Дмитрий Разумков дайындалды. Анын орун басарлыгына аталган фракциянын мүчөсү Руслан Стефанчук менен оппозициялык «Батькивщина» фракциясынын өкүлү Алена Кондратюк шайланды.

29-августта Киевде украин парламентинин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны өттү. Анда 424 эл өкүлү ант берди.

Президенттин «Эл кызматчысы» партиясы 254 мандат менен мыйзам чыгаруу органында көпчүлүктү түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: