Казакстанда жарандык активист Галина Арзамасовага кол салуу боюнча ишти тергөөнүн алкагында Панфилов айыл аймагынын акими Нургали Аппазов кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун казак кызматы кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, учурда Аппазов райондук полиция бөлүмүндө сурак берүүдө.
Талгар райондук полиция башкармалыгынан билдиришкендей, Аппазов «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалды. Бирок активисттин тарапташтары бул иш «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча тергелиши керектигин билдиришүүдө.
Учурда Алматыда дарыланып жаткан 63 жаштагы Арзамасова кол салууну жарандык активдүүлүгү менен байланыштырууда. Аймакта жайыттар менен сугат суунун жетишсизди, жолдордун начардыгы маселелерин көтөрүп, жергиликтүү тургундардын уруксаты жок «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршылык билдирип келген Арзамасова буга чейин да бир нече жолу кол салууга кабылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ