Menu

Тастыктама сурагандарга жооп…

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Бишкек шаарынын Ленин райондук сот аткаруучуларынан кат келиптир. Тактап айтканда, мындан 5 жыл мурунку материалдын изи менен редакциябызга баш багып, соттук чечимдин аткарылгандытына кызыгып, ошол маалыматты сурашты. Албетте, биринчиден бул саамалыкка ичибиз жылып, өлкөбүздө мыйзамдардын иштей баштагандыгына сүйүндүк. Экинчиден, сот аткаруучулар 5 жыл кечигип келип сураганы өзгөчө түйшүк жаратты. Бизде үч жылдык гезит сакталат, андан картаңы архивге кетет. Мындан улам соттук чечимдер алда качан аткарылганын расмий билдиребиз. Тилекке каршы 5 жыл мурунку архив редакцияда болбогондугуна байланыштуу расмий маалыматты кайра кайталап берип коелу дедик. Белгилей кетсек. «Де-Факто» гезитинин 2014-жылдын 15-августтагы №32 (190) санына «Эми Жылдыз Жолдошеваны туура түшүнсө болот» деген макала жарыяланып, ага удаа Ж.Жолдошева ар-намысыма, ишкердик беделиме шек келди деп сотко кайрылган экен. Сот: «Эми Жылдыз Жолдошеваны туура түшүнсө болот» деген макаланын ичиндеги «Көп жылдардан бери «Курманжан датка фондусуна» эмнегедир мамлекеттин эсебинен Ысык-Көлдүн жээгине чоң оюн-зоок комплексин салып беришүүдө», «Эсептөө палатасы курулган имаратка жети миллионго жакын сом ашыкча пайдаланган деп чечим чыгарды», «Курманжан датка фондусунун» мурунку жетекчиси Жылдызкан Жолдошева катка кол койгон депутаттарга ар кандай сөздөрдү жазып, телекөрсөтүүлөр аркылуу да жамандап келе жатат», «жеке фонддорго 48 миллион сом турган имараттарды салып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок», «өзүнүн жеке фондусунун маселелери чыкканда мүлкүн сактап калыш ниетинде анын ишин текшерүүнүн жыйынтыгын кабыл алган токтомго кол койгон депутаттарга «мен көрсөтөм» деп коркуткан, ар кимге асылып, коркутууга аракет жасап жатат» деген сөздөр төгүнгө чыксын деп тапкан.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: