Мамлекеттин өп-чап экономикасына карабай акылга сыйбаган иштерди жасаган билермандардын кылыгын көрүп бир туруп таң калсаң, бир туруп жаның кашаят. Дегенибиз, Бишкектин Москва көчөсүн Ж.Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап үстүн кырып, жаңыдан жасап жатышат. ЬІрас, жаңысы эң жакшы, ага биздин эч кандай каршылыгыбыз жок. Эгер өлкөнүн бюджети төп келсе жолдун баарын зымыратып койсо деген тилектебиз.
Бирок, азыркы экономикабыз өчөйүп, өйдө көтөрүлө албай турган шартта, анан да аң-чуңкурга толгон жолдор жайнап турган мезгилде тешилип-оюлбаган жарактуу жолду кайра жасоонун кандай зарылчылыгы бар? Эч ким калп айттырбайт, Москва көчөсүндөгү жол дагы далай жылга кызмат кылып бермек. Аны сыйрып жатканда далай адамдын ичи ачышты. Жетекчилер ойлонуп иш кылбайбы, же булар да акча кымырыштын оңой жолуна өтүп алыштыбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ