Menu

Нурбек Токтакунов, адвокат: “Сапар Исаковдун абалы оор болгонуна карабай ооруканадан абакка алып кетишти…”

Бөлүшүү:

Көпчүлүктүн эсинде, 16-август күнү УКМКнын абагынан мурунку премьер-министр Сапар Исаковду саламаттыгынын чукул начарлап кеткенинен улам шашылыш түрдө Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган. Ага адегенде башка, андан соң такыр башка диагноз коюлган. Ал эми 27-август күнү анын саламаттыгын изилдөөнүн жыйнынтыктары боюнча дарыгерлер кайрадан консилиумга чогулушканы туурасында, андагы врачтык кеңешмеге эмнегедир УКМКнын өкүлү да катышып жатканы, андай болсо адвокатынын да катышуусу керек деген максатта Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов да консилиумга катышууга аракет жасап, бирок ага уруксат берилбеген. Бул туурасында ал ошол эле күнү vesti.kg электрондук маалымат булагына УКМКнын өкүлүнүн врачтык кеңешмеге катышы мыйзамга такыр туура келбээрин, мындай көрүнүш врачтарды коркутуу дегендей эле аракет. С. Исаковдун ден-соолугу аларды кызыктырбайт, ЖПКга жана башкаларга түкүрүп коюшкан деген маанайдагы билдирүүсүн тараткан. Бирок, кийинчерээк медиктер С. Исаковдун ден-соолугундагы жаралган маселелерден улам аны ооруканада эле калганы туура болоору жөнүндө чечимге келишкени, ага кошумча изилдөөлөр дайындалганы кабарланган эле. Бирок, Сапар Исаковдун абалын дурустап текшерүүгө муктаж болуп жатканына карабастан эртеси, 28-августа эртең менен аны УКМКнын тергөө абагына алып кетишкенин анын жактоочусу Н. Токтакунов билдирип чыкты. Ошол эле күнү С. Исаков соттук процесске катышууга алынып келинди.

Айтмакчы, ЖЭБ маселеси боюнча баш аягы 77 адам сотко күбө катары чакырылып, көрсөтмө беришти.

Андагы маалыматтар боюнча айтсак суралган ошол 77 күбөнүн дээрлиги ЖЭБди модернизациялоодо эч кандай олуттуу мыйзам бузуу болбогондугу таризинде көрсөтмөлөрүн бергени айтылып жатат. Акыркыларынан болуп күбө катары чакырылган ТЭК боюнча өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы Азамат Оморов да Сапар Исаков президенттик адиминстрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган чакта ЖЭБ тууралуу өкмөткө, министрлерге эч кандай кысым кылбаганын, бардыгы мыйзамдын алкагында гана иш жүргүзүлгөнү туурасында көрсөтмө бергени айтылды, Ал учурда А. Оморов (2012-2016-жылдары) министрлер кабинетиндеги өнөр-жай, отун-энергетикалык бөлүмүндө эксперт болуп иштеген! Соңку отурумда С. Исаков башкы күбөлөрдүн бири катары ЖЭБке байланыштуу кытай өкүлдөрүн, Тышкы иштер министирлигинин ошол кездеги айрым чиновниктерин анын ичинде ТИМдин экс-министри Эрлан Абдылдаевди, учурда Кой-Таш окуясы боюнча СИЗО-1 дин абагында отурган ал кездеги президенттик адиминстрациянын башчысы Фарид Ниязовду да күбө катары чакырылуусун фемидадан өтүндү. Ошентип, чубактын кунундай чубалган аталган соттук иште кылмышка шектүү делип жаткан Сапар Исаковко чындай келгенде аргументтүү далил көзгө көрсөтүп айтылбай, ал ортодо күбөлөрдүн дээрлик баары чакырылып, соттук процесс да аягына чыгып баратат. (Дагы калган 9 күбөнү эсепке албаганда. Алардын бешеө чет өлкөдө, бул бешөөнүн ичинен бирөөсүнүн гана дареги белгилүү экен.) Ушундай!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: