Араб координациялык тобунан алынган насыяга Балыкчы — Кара-Кол автожолунун (Күңгөй жээк) 80 чакырымдан ашык жери рсконструкцияланат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Кеп Корумдудан Балбай айылына чейинки бөлүк тууралуу болуп жатат. Долбоордун баасы – 128 миллион доллар. Шарт боюнча ал төрт тилкелуү эл аралык деңгээлдеги жол болушу керек. Жолду бойлой веложол, ал эми айылдарда тротуар салынат.
«Насыя берүү боюнча ОПЕК жана Сауд Аравия өнүгүү фондусу тарабынан макулдук берилди. Мындан ары маселе дагы бир нече тийешелүү уюмдардын талкуусунан өтүшү зарыл», — деп айтылат билдирүүдө. Араб координациялык тобуна — Сауд Аравия өнүгүү фонду, Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондусу, Абу-Даби өнүктүрүү фондусу, Эл аралык өнүктүрүү фондусу (ОПЕК) жана Ислам өнүктүрүү фондусу кирет.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ