Menu

Казакстан президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Күзүндө Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Сапардын так датасы айтыла элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен өлкөдө дипломатиялык миссиясын аяктаган Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев мамлекеттик сапардын деталдарын талкуулашты.

Күн мурун аны өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, бир жыл ичиндеги жемиштүү иштерине ыраазычылык билдирген. Жээнбеков Карим Кокрекбаевдин “стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди” бекемдөөгө кошкон салымын белгилеген.

Карим Кокрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылы февралда дайындалган. Ага чейин дипломатиялык кызматты Айымдос Бозжигитов жетектеген.

Бишкек менен Нур-Султан Кокрекбаевдин дипломатиялык миссиясынын эмне себептен тез аяктаганына түшүндүрмө бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: