Menu

“Бобик”

Бөлүшүү:

Качандыр бир доорлордо жашап өткөн перс акыны Фирдоусинин “Шахнаме” поэмасынын негизинде “Таджикфильм” киностудиясы тарабынан тартылган “Рустам менен Сухраб” деген эки бөлүктөн турган тарыхий драмалуу көркөм тасмасы бар. Ошол фильмде терс каарман болгон, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон Тулад деген азезил бар. Анын жүрүм-туруму өзгөрүлмө, каратып туруп мээни тескери тегеретип адамдарды алдап, өз мүдөөсүнө жетүү анын башкы милдети. Тасманын бир топ эппизоддорунда ал «мен мындамын, бармын, жокмун, мен Туладмын» деп бир карасаң бар, бир карасаң жок болуп кетет. Анын сыңарындай Атамбаев камалары менен УКМК «келсең камайбыз» дегенине болбой, ал тургай бир кездеги талапкер, азыркы президент С. Жээнбеков дагы “Балапан, коррупция менен күрөштү биринчи сенден баштайм” дегенине да карабай Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кирип келиши негедир коомчулукка анчалык деле жылуулукту тартуулабагандай. Айрым бир жактоочулары эле колдогону болбосо көпчүлүк ага муздак көз караш менен карап тургандай түр. Айрыкча анын кечээ жакында, биринчи жолу УКМКнын сурагынан чыккандан кийи жаш баладай катуу сүйүнүп, кайра-кайра “урматтуу президент менен күч органдарына терең ыраазычылык билдирем” дей бергени далайларды ирээнжитип алгандай эле болду. Анан ошол бойдон горизонттон жок болуп кетти. Мурдагы күнү аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка кайра суракка чакырыптыр деген маалымат чыккан. Бабанов ал суракка барган жок. Ө. Бабановдун барбаганын аны анын партиялаштары да ырастады. Бул тууралуу Каржы полициясы да бышыктап, сурак 29-августка жылдырылганын айтышып, бирок белгиленген сурак эмне үчүн жылдырылганы айтылган эмес. Кечээ Бабанов ага карата 8 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: