Menu

Экономика министри Санжар Муканбетовго түз суроо: “Чабал министр болуп жатканыңыз өзүңүзгө билинеби?”

Бөлүшүү:

Акыркы учурларда тышкы соода жүгүртүү артка кеткенин эксперттер байма-бай айтышууда. Бул түп-түз эле экономика министринин «ийгилиги» десек жарашат. Акыркы 6 айдын ичинде 200 миллион долларга кем чыкты. 2018-жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,8 пайызга төмөндөдү. Импортту алсак, 11,6 пайызга азайды. Бажы союзундагы мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү да жарым жылда 1,2 млрд. долларды түзүп, былтыркы жылга караганда 11,7 пайызга төмөндөдү. Экспорт 27,7 пайызга, ал эми импорт 6,1 пайызга азайды. Алты айда тыштан товар ташып келүү 2 млрд. 343,9 млн. долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 300 миллион долларга кемиген. Бул фактыларга биздин тиешелүү министрликти тескеп олтургандар кантип жооп берет.

Санжар Турдукожоевич, экс-президент Атамбаевге жакындыгыңыз бар үчүн ташыңыз өйдө кулап, кызматтык өсүш жасаганыңыз чынбы? Азыркы учурда кимге таянып калдыңыз? Мойнуңузга артылган ишти жөндөп кеталбасаңыз да таскагыңыз катуулап жаткандыгынын сыры “парага” байланабы? Эгер кесипкөй кадр болсоңуз тышкы экономика эмне үчүн артка кеткенин кантип түшүндүрөсүз? Кемчиликти моюнга алып, отставкага кеткенге эркиңиз жетеби?

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: