Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Сынак комиссиясы тарабынан тандалган инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылга карата аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каралган 2 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл.

«Биз аймактарды өнүктүрүү жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Бул маселеде финансылык институттардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсү маанилүү», – деди ал.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу каржылоо үчүн бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча  Өкмөткө караштуу Сынак комиссиясы аткарган иштер тууралуу айтып берди. Келип түшкөн 137 долбоордун ичинен 4 долбоор тандалды: Талас облусундагы кызыл жана боз гранитти иштеткен ишкана, Баткен облусундагы органикалык кургатылган өрүктү өндүрүүчү ишкана, Интернет-провайдер, Жалал-Абад облусундагы кремнийдин металлургиясын чыгара турган ишкана.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн бизнес-сунуштарды сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү каражаттарынын эсебинен каржылоого жетишүү механизми боюнча бизнес-коомчулук жана кызыкдар мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары арасында кеңири жана даректүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: