Menu

Кыргызстандын демилгеси боюнча тоолуу өлкөлөрдүн достор тобу түзүлдү

Бөлүшүү:

БУУнун алкагында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча тоолуу өлкөлөрдүн достор тобу түзүлгөн жана 2019-жылдын 29-августунда анын биринчи уюштуруучулук жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага  БУУга  мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева КРнын БУУдагы демилгелерин белгиледи, тактап айтканда, 11-декабрь Тоолордун эл аралык күнү деп жарыяланышы жана чың эмес тоолуу экосистемаларды, ошондой эле флора жана фаунанын жашоочуларын сактоо маселелерин колдоого ар кандай эл аралык иш-чараларды өткөрүү. Тоолу күн тарбип боюнча маселелерди андан ары илгерилетүү максатында, КРнын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева тоолу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү жөнүндө жарыялады, ошондой эле анын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар  кыргыз тарабына тоолу өлкөлөрдүн достор тобун уюштуруу үчүн ыраазычылык билдирди жана анын ишинин актуалдуу маселелерин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн андан аркы багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тоолу өлкөлөрдүн достор тобунун курамына төмөнкү өлкөлөр: Австрия, Азербайжан, Армения, Андорра, Боливия, Бангладеш, Бутан, Грузия, Канада, Непал, Швейцария жана Тажикстан кирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: