Бүгүн, 31-августта Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет кыргызстандыктарды Твиттер баракчасы аркылуу Эгемендик күнү менен кыргызча куттуктады:
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Эгемендик күнү менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргызстандын ар бир жаранына ден соолук каалайм!
Кыргызстан дайыма өнүгүп жана өркүндөй берсин!” – деп каалоосун билдирди Чарльз Гаррет .
Чын жүрөктөн баарыңыздарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! #кыргызстан #эгемендүүлүккүнү pic.twitter.com/wxqLjHH1Dv
— Чарлз Терренсович Гарретт (Мырза) (@BritAmbCGarrett) August 31, 2019
Чарльз Гаррет өткөн жумада Аламүдүн базарына троллейбус менен барып, эт сатып алып, эл менен баарлашып, анын видеотасмасын Твиттерге жайгаштырып, өзүнүн жөнөкөйлүгү менен коомчулукту таңгалдырган болчу.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ