Menu

Фото – Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары – 2019» эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи

Бөлүшүү:

Белгилүү жаш таланттар Каныбеков Эламан жана Каныбеков Айбек Кыргызстандын атынан барып, биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу Эламан өзү маалымдады.
Сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтүп келет. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салтуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.
Кыргызстандык жеңүүчүлөр К. Орозовдун “Жаш керб
ез”, Н. Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А. Огомбаевдин “Ак- Тамак – Көк тамак” жана Н. Борошевдин “Кара –Өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калдырган.
Эл аралык сынактын калыстар тобуна мүчөлүкө Кыргызстандын атынан Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да кирген.

Эламан жана Айбек Каныбековдор К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясынан жана М. Абдарев атындыгы музыкалык мектеп интернатынан билим алышкан.

Учурда Эламан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук ансамблинде, ал эми Айбек К. Орозов атындыгы ансамблинде эмгектенишет. Ошондой эле, учурда Эламан М. Абдарев атындыгы музыкалык окуу жайында сабак берип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: