Menu

«Бүтүн Кыргызстан» бүткүл Кыргызстанды кыдыра албады?

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын башында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Эркин Европа» радиосуна аймактарда анын эл менен жолугушуусуна бийлик бут тосуп жатканын билдирди. А.Мадумаровдун айтымында Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда эл менен жолугушуусунан кийин кийинки багыты Баткен жана Исфана шаарларында болмок. Бирок, ал жолугушуулар үзгүлтүккө учурады. Үзгүлтүккө учураган жолугушуулары туурасында ал: «Баткенде жыйын болмок. Бийлик аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартып калбасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бей күнөө бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн барчу жерлеримден баш тарттым» деп түшүндүрдү.

Ал эми А. Мадумаровдун мындай билдирүүсүнөн көп өтпөй өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийлик эч кандай кийлигишкен жок» деп маалымдады.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: