Menu

Орусия АКШнын Сириядагы соккусун айыптады

Бөлүшүү:

Ишемби күнү АКШ Сириянын түндүгүндөгү «Аль-Каида» террористтик тобу турган аймакка сокку урду.

АКШнын Куралдуу күчтөрү сокку «америкалык жарандарга, биздин өнөктөштөргө жана тынч элге чабуул коюп, коркунуч туудурган «Аль-Каиданын» жетекчилигине каршы багытталган» деп билдирди.

Маалыматта кандай куралдан сокку урулганы айтылган жок.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан, адам укуктарына мониторинг кылган Сириядагы борбор бул чабуулдан кыркка жакын адам өлгөнүн, анын ичинде «Аль-Каида» тобунун лидерлери бар экенин ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги соккуну айыптап чыкты. Министрликтин билдирүүсүндө америкалыктардын соккусуна кабылган калктуу аймакта көп киши өлүп, көп имараттар талкаланганы айтылат. Ошондой эле чабуул «Орусияга жана Түркияга алдын-ала айтылган эмес» деп жазылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: