Menu

Фото – Тышкы иштер министрлигинин имаратында 1-сентябрь билим берүү күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

Бөлүшүү:

31-август күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратында 1-сентябрь билим берүү күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык кызмат органдарынын Кесиптик бирлик комитетинин Төрагасы Н.Токтосунова тарабынан Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын инспектордук иш жана контроль бөлүмүнүн башкы адиси А.Кудайбергеновго Нарын шаарынын академик У.Асанов атындагы мектеп-интернатына андан ары өткөрүп берүү үчүн 1-2-класстын окучууларына 200 окуу куралы тапшырылды.

Окуу куралдары 2019-жылдын мартында “Нооруз” майрамын белгилөөнүн алкагында өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилигинин кызматкерлери тарабынан топтолгон жеке каражаттардын эсебинен сатылып алынган.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Нарын шаарынын академик У.Асанов атындагы мектеп-интернатына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: