Menu

Фото – Лукашенконун хан сарайлары

Бөлүшүү:

Жакында «СА-NEWS» маалымат булагы “Republic” маалымат каражатынын макаласына таянуу менен Беларусь президенти Александр Лукашенконун резиденциялары тууралуу жазып чыгышты. Ал маалыматта: “Александр Лукашенконун Белоруссиянын бардык областарында хан сарайлары бар. Ал эми аталган өлкөнүн борбору Минск шаарында бир эмес үч хан сарайы жайгашкан. Мындай ашепке шаан-шөкөттүк дүйнөнүн бир дагы авторитардык лидерлеринде жок. Муну менен эле токтоп калбай дагы жаңы
хан сарайлардын курулушу жүрүп жатат. Мындай көрүнүш карапайым беларусь элинин нааразычылыгын жаратууда” деп жазылат. Анда, ушул айтылган ойлор-дун артынан сарэсеп Кылып көрбөйлүбү, окурман?

17 хан сарай. Бул цифра кайдан чыкты? Бул тууралуу 2017-жылдын 3-февралында болуп өткөн «Чоң сүйлөшүү» деген аталыштагы түз эфирде анын хан сарайлары тууралуу журналисттердин берген суроосуна Беларусь президенти өзү саймедиреп бергени, ал хан сарайларынын эң эскиси тээ Хрущев доорунда эле мамлекеттик акчага курулганын, калганы кийин бюджеттен үнөмдөлгөн акчаларга салынганын айтып берген. Булар тууралуу Беларустун көз карандысыз массалык маалымат каражаттары ал хан сарайларды Лукашенко айткандай «жупуну»; «жөнөкөй» эле деп айтууга болбойт жана анын баары жашыруун обьект катары саналаарын айтып келишет. Беларусь бийлигинин ал учурда көргөн адамдын көз жоосун алган хан сарайларды элдин терс пикиринен будамайлоо аракетинде аталган хан сарайлардын дээрлик көпчүлүгү Союз мезгилинен калган, ошол кезде эле курулган деген сыяктуу жооптор менен жооткотуп келгени менен иш жүзүндө такыр эле андай эмес экени айтылат. Карап көрүңүздөр:

«Дрозды чарбачылыгы»

Лукашенконун көпчүлүккө эң эле белгилүү резиденцияларынын бири «Дрозды чарбачылыгы». Александр Лукашенко көп убактысын ошол жерде өткөрөт. Журналисттерди чакырып алып ошол жерде картошка айдап, дарбуз өстүрүп кадимкидей эле «дыйкан» болуп жүргөнүн көпчүлүккө көрсөткөн жайы бар. Беларуста өткөн официалдуу расмий чоң жыйындардан кийин, андай жыйындарга келген башка өлкөлөрдүн биринчи жетекчилерин да «Дроздыга» чакырып, ал жерде бей расмий жолугушуусу болуп, сый тамакка чакыраары белгилүү. Лукашенконун ал «жөнөкөй, жупуну чарбачылыгы» 20 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын ичинде эмнелер гана жок. Эң башкысы ошол жердеги 2000 метр чарчы квадратты ээлеген анын үйү. Андан тышкары расмий коноктор менен жолугушуу жүргүзчү аянты, 850 квадрат метр турган эки имарат, 30га жакын люкс коттедждер, спорткомплекс, бассейн, супер мончолор, ресторан, буфет, дүкөнүнө чейин бар. Баса, ошол «Дроздыдан» анча алыс эмес жерде супер элиталык айылча жайгашкан. Ал аймакта Лукашенконун үй бүлөөсүнө эң жакын делген мамлекеттик жогорку кызматтагы чиновниктер, бизнесмендер гана жашайт.

Карл Маркс резиденциясы

Бул резиденциянын тарыхы чындап эле терең. Ал Минск шаарынын Карл Маркс үй №38 көчөсүнүдө жайгашкан. Бул имарат убагында БССР БК Компартиясынын негизки админстративдик имараты болгон. 1939-жылы курулган. Немецтик-фашисттик баскынчылардын да басымында калып бул имарат далай окуяларга туш болгон. Кезинде күндөп-түндөп далайлаган Беларусь мамлекеттик ишмерлери иштеген жай. Бирок, азыр бул жай ошол кездегидей катуу кайтарууга алынбай  эле. Президенттик адиминстрация деген гана аты болбосо Лукашенконун иш бөлмөсү 2013-жылы курулган башка имаратта жайгашкан.

“Озерный” комплекси

«Озерный» комплекси Остошицк шаарчасынын жанындагы Брадок айылынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Жаратылышы өзгөчө кооз, живопистүү жер. Токой, көл, таза аба… Бул жай негизи тээ XVII кылымдагы граф Тышкевичтин чарбачылыгына таандык болгон. Чынында эле керемет жерде жайгашкан. Учурда ал заманбап курулуш материалдары менен кооздолуп, бекемделген. Курчалган. Үч кабаттуу бул жайда Лукашенко кичүү уулу Николай менен жашап келет.

Александрия айылындагы “усадьба”

А. Лукашенко Александрия айылында туулган. Азыр ал айылча спецаймак катары саналат. Жабык. Катуу кайтарууга алынган. Ал жер Лукашенко туулган жеринин абасын сагынганда анда санда келип турчу жайга айланган.

“Заславль” резиденциясы

“Заславль” резиденциясы “Минск деңизи” суу сактагычынын жээгинде жайгашкан. Анын саясий жагдайдагы белгилей кетчү учуру бул жерде бир нече ирет үч топтон турган Укрина – Россия – ОБСЕ жолугушуулары өткөн. Так ушул резиденцияга убагында (2008-жылы) Ливия диктатору Муамар Каддафи да расмий визит менен келип түнөп кеткен. Аталган резиденция негедир саясий шарт үчүн түзүлгөндөй аймакта орун алган.

“Плавно” хан сарайы

Березинский биосфералык коругундагы “Плавно” конок резиденциясынын аймагына каалаган эле адамдар бара албайт. Бул жай дагы президенттик иш башкармалыгынын көзөмөлүндө турат.

“Вискули” резиденциясы

«Вискули» резиденциясы А. Лукашенконун эң тарыхий жана белгилүү хан сарайларынын бири. Советтик доордо эле курулган. Тарыхый дегенибиз, Пружанский районундагы «Беловежский пущи» деп аталган ушул жерде (1991-жылы) үч славян өлкөсүнүн мамлекет башчыларынын жашыруун жолугушуусу өтүп, ушул хан сарайда СССРдин жоюлушу тууралуу келишимге кол коюлган.

Полесск резиденциясы

Аталган резиденция Беларустун түштүк тарабында (Петриковск районунда) атактуу Ляскович агро шаарчасында жайгашкан. Көбүнчө ал жерде Лукашенко (аймактары чектеш болгондуктанбы) Украинанын президенттери менен жолугушууларды ошол жерде өткөрүп келет.

“Крупенино” эс алуу борбору

Ошондой эле Витебскде “Крупенино” эс алуу базасы, анан дагы табышмактуу, жашыруун делген “Чыгыш” аттуу резиденциясы да бар экени айтылып келет. Булар тууралуу (ошондой эле жеке авиалайнери, ааламдагы эң кымбат делген «Майбахи” вертолеты) бар экендигин А. Лукашенко өзү деле эч камырабай ачык эле айтып жүрөт…

“Көз карандысыз” ак сарайы

“Көз карандысыз” ак сарай учурда беларусь элинин оозунда өтө терс пикирлер менен айтылып келе жаткан Лукашенконун хан сарайларынын бирден-бири. Ал Минск шаарынын борборунда жайгашкан, “Дворец Независимости” деп аталат. Катардагы беларусь эли үчүн ал жабык жай. Анын курулушуна тири шумдуктуудай эле каражат, акча кеткени айтылып келет. Жалтырайт, алтынга жалатылган. Хан сарайдын ичинде кышкы бакча, бассейин, спорттук зал, китепкана, Лукашенконун улуу баласы Виктордун, кичүү уулу Николайдын иш бөлмөлөрү, ал тургай жер алдында эмне кылса да зыңк этпей турган бункер, деги койчу баары бар. Анан да бул хан сарай кытайлыктардын долбоору менен чийилип, аны болсо катаал режимдеги өтө жашыруун делген Түндүк Кореянын курулушчулары курган делет. Заңкайган чоң холлунда А. Лукашенконун жалаякта жаткан кезинен тартып азыркы учурга чейинки сүрөттөрү жайнатып илинген. Ошол хан сарай тууралуу мындай икая айтылып жүрөт, бир жолу (2015-жылы) «Нормандия төрттүгү” деген (Россия, Франция, Германия, Беларусь) мамлекеттеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп калат. Лукашенко чоң даражадагы коноктору хан  сарайында түнөп кетүүнү өтүнсө Франсуа Олланд менен Ангела Меркель башка жактагы жайга кетип калган дешет. Бул тууралуу кийин Франциянын экс-президенти Ф. Оланд өз мемурандагы бир эпизоддунда ошол тарыхий жолугушуу туурасында ” В большом бездушном зале Дворца независимости в Минске” деп жазган экен. Аны Лукашенко да окуп алып мындай «пассажга« каарын катуу төккөн деп жүрөт. Аталган хан сарай тууралуу дагы бир кошумча маалымат, Лукашенко ал жерден алтын менен платинадан жасалган тарелкалардан тамактанаары баарына эле белгилүү дейт. Ошол ашкана сервизинин бир эле даанасы 1500 АКШ доллары тураары, андай идиштердин бир канчасы бар экени мамлекеттик сатып алуу кызматынын порталында ачык эле маалымдалып турганы айтылат.

Хан сарай демекчи, анын илме шам чырактары (люстра) дүйнөгө белгилүү немецтик “Faustig” фабрикасынан атайы алтын менен кооздолуп жасалып келгени көрсөтүлгөн. Кыскасы, бул хан сарай тууралуу айта берсең шилекей агат, орусча айтканда роскошь! Пай-пай-пай…

Мына ушулардын баарын санай да, карай дагы келсеңиз, азыр баары эле “баатыр” болуп, өздөрүн периштедей таза сезип, “Атамбаев жеп алды, жутуп алды” деп кыйкырып жаткандар Лукашенконун жогорку хан сарайларына салыштыруу менен ой жүгүртүп көрүшсө. Авторитардык, диктатуралык бийлик кандай болоорун, дурустап аңдап алышса жана да калыстык үчүн айтчу кеп, бийлигин бир мөөнөттөн кийин тынч жол менен өткөрүп берген, мамлекет үчүн 6 жылдын ичинде бир топ эле жакшы иштерди, ири долбоорлорду жасаган экс-президент А. Атамбаевди эптеп эле жамандай берүүнүн өзү деле ашепке каралоо экенин экенин абийр алдында сезсек. Башкадан коркпосок да Жараткандан корксок!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: