Menu

Видео – Расул Умбеталиев, эксперт: “Улуттук энергохолдинг коңшу Казакстанга электрди 00,1 тыйындан сатып, өзүбүздүн элге 2,16 сомдон сатууда”

Бөлүшүү:

“29-август күнү Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров интервью берип: “Кийинки жылы 2020-21-жылдардын кышкы учурунда биз Казакстан, Түркмөнстан жагна Тажикстандан электрэнергиясын сатып алууга мажбур болуп жатабыз” дейт”, – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев.

“Анткени быйыл жана кийинки жылы суу аз болуп, суу сактагычтарга суу аз жыйналат. Эки күндөн кийин Токтогул суу сактагычында 17 млрд куб суу чогулат деп. Бул былтыркы жылдын 1-октябрына караганда 2 млрд кубга аздык кылат. Суунун келип куюшу кээ жылдары көп, кээ жылдары аз болот, быйыл суунун агымы аз болгондуктан көп электрэнергия жыйнай албадык деп жатат. Чындыгында Токтогул суу сактагычы бул көп жылдык, 100 же 150 жылдык пайдаланууга ылайыкташтырылган суу сактагыч. Кээ жылдары суунун агымы аз болуп калса да жыйналган мурунку запастардын эсебинен суу сактагыч бирдей көлөмдөгү энергияны өндүрө берет. Кыш мезгилинде да калкты электрэнергиясы менен жетиштүү өлчөмдө камсыз кылып туруу үчүн ушул суу сактагыч курулган. Ал жайы-кышы дебей 19,5 млрд куб суу топтолуп туруш керек. Азыр 17 млрд куб суу бар, бирок жетишпеген 2 млрд куб сууну топтосо болот эле. Анткени азыр Казакстанга электрэнергияны сатып жатпайбы, сатканда дагы 275 млн квт саттык, баасы болсо 00,1 тыйын. 1 тыйын эмес, 001 тыйынга сатып жатышпайбы. Өзүбүздүн жарандарга 2 сом 16 тыйындан сатып, анан коңшу мамлекетке 00,1 тыйындан сатуу бул чыккынчылык да. Бул экономикалык чыккынчылык. Муну булар “товар алмаштыруу” деп атап жатышат, чындыгында бул “товар алдамчылык” деп атайт элем. Бул Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыгына дал келбейт, карама-каршы чыгат. 2000-жылдардын башында “товар алмаштыруу” деген түшүнүк болгон, коңшу Өзбекстанга биз электрэнергия сатчу элек, бирок алар суу алганга кызыктар болчу. Быйыл да сууга кызыктар болуп суу алышты. Кыш мезгилинде биз газды Өзбекстандан 1 кубун 65 доллардан алып турчу элек, Казакстандан Бишкек ТЭЦине көмүрдүн 1 тоннасын 16 доллардан алып жүргөнбүз. Мазуттун 1 тоннасын 120-130 доллардан алчубуз, ошондо “товар алмаштыруу” деген болгон. Азыр болсо декабрь-январь айларында алар мындай баалар менен бербейт… Ички инвестор Рахатбек Ирсалиев мини ГЭС куруп электрэнергиясынын 1 киловатын 2 сом 20 тыйындан сунуштаса биздин Улуттук энергохолдинг аны сатып албайт, бирок коңшу мамлекеттерден 1 киловатын 6 сомдон алып жатат”, – деди Расул Умбеталиев.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: