Menu

Видео – Абактан чыккан атамекенчи Дүйшөн Чотонов Ош шаарында түлөө өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-сентябрдын кечинде Ош шаарындагы кафелердин биринде жакында эле абактан чыккан атамекенчи Дүйшөн Чотонов туугандарына жана тарапкерлерине түлөө өткөрдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 16-августта “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов орус бизнесменинен 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн коррупция беренеси менен Биринчи май райондук соту тарабынан 8 жылга кесилишкен. Андан кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту да, КР Жогорку соту да туура деп тапкан.
2019-жылы 21-августта, 2 жыл 7 ай абакта олтургандан кийин (2017-жылы февралда кармалган) КР Жогорку соту Текебаев менен Чотонов боюнча Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдагы чечимин жокко чыгарып, кайра ошол эле сотко кайрадан соттук иликтөөгө жөнткөн.
2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту атамекенчилер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду абактан үй камагына чыгарган.
1-сентябрь күнү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов Базар-Коргон районуна келишип, Текебаевдин урук-туугандары, жердештери жана партиялаштары менен жолугушкан. Бул фактыдан улам социалдык тармактарда “Үй камагындагы Текебаев кандайча Жалал-Абадда жүрөт?” деген суроо кызуу талкуу жараткан.
2-сентябрда Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Ооба, үй камагындагы адам бир аймактан сырткары чыгууга укугу жок. Ошондуктан Текебаев сотко арыз жазып, кичи мекенине барып келүүгө соттон кагаз жүзүндө бир жолку уруксат алды” деп маалымат берди.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: