Menu

Мурдагы президент Атамбаев тарабынан курулган мечит камакка алынды

Бөлүшүү:

Бишкектин 7-кичирайонундагы «7-апрель шейиттери» мечитин курууга кеткен каражаттын булактарын аныктоо ишин тергөө жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту аталган мечитти камакка алган.

«Тергөөдө мечитти мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курганы аныкталган. Имарат турган бир гектар жер Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүштүк ишканасына катталган», – деп жазылат башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта.

«7-апрель шейиттери» мечити 2019-жылдын апрель айында ачылып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Ал мечитти жаңылап кайра курууга достору жардам бергенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев 7-8-августта атайын операциядан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-октябрга чейин узартып, УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: