Menu

Кадырбековдун Сапар Исаковго кандай таарынычы бар?

Бөлүшүү:

Ар бир саясатчынын эмес, ар бир кыргызстандыктын баш оорусуна айланган Кумтөр маселеси “кылымдын аферасы” болуп калганын айтпаган адам калган жок. Мурдагы депутат, учурдагы БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков да дал ушул Кумтөрдөгү алешемдиктер тууралуу кеп козгоп, өлкөнүн өкмөт башчыларына, ажолоруна чейин кетирген кемчиликтери үчүн нааразычылыгын айтып чыкты. Бир топ кетирген кемчиликтерибизди айткан Кадырбеков акыркы чыккынчылыкты премьер-министр болуп барган Сапар Исаков жасаганын айтат. “Келери менен келишимге кол коюп, биздин доо арызыбыздын баарын артка чакырып алды. Доо арызыбыз артка чакырылгандан кийин Кылмыш Кодекси, Жарандык Кодекс боюнча да эч кандай сотко бере албай калдык. Биз аларга дооматыбызды айткан укугубуздан ажырадык.

Экология эмне болот, азыр алар билгенин кылат. Кийин болсо мөңгүнү талкалаганга уруксат бердик. “Суу кодекси” мөңгүнү талкалап кен казууга тыюу салганына карабай, Жогорку Кеңеш дагы Давыдов менен Лысый мөңгүсүн талкалап кен казганга уруксат берип койду. Мунун баарын көрүп турат Өкмөт, анан ошонун баарын койгондун ордуча баарын сүйлөштүк деп келатат. Кумтөр бүтөт. Кен жабылганда Кыргызстанга эмне кылат? Ошону ойлогон өкмөт жок. Миллиард куб калдыктар калат” – деди Кадырбеков.

Ар бир өкмөт жаңы келгенде жакшы баштарын айткан Кадырбеков баары Кумтөргө баш салганда эле бузулуп кетип жатканын да белгилейт. Ал мунун мисалында Атамбаевди да келтирип, башында жакшы баштап, ООНдун жыйынында да экология тууралуу айткан аны, кийин муздарды талкалоого өзү жол бергенин Кумтөрдүн “сыйкыр таягынан” кимдер гана алданбаганын айтат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: