Menu

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Тагыраагы алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматы дарттын оордугуна ылайык жумасына 3 сеанс жана айына 12 сеанстан ашык эмес жолу көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматы үчүн төлөм тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин бир сеансынын төлөм ченеми 2020-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: