Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин бирөөнүн эсебинен мечит курдурдум дегени – бул Кудайды алдагандык болот, бул каапырдыктан да жаман”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмаз Атамбаев салдыргам деп жүргөн Бишкектин 7-кичирайонундагы «7-апрель шейиттери» мечитин камакка алганы боюнча расмий маалымат тарады. Ал мечитти курууга кеткен каражаттын булактарын аныктоо ишин тергөө органдары жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Бул маалыматтан улам кечээ эле абактан чыккан атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин 2017-жылдын башында Атамбаевдин мечит курдурдум деген билдирүүлөрү боюнча берген комментарийин эске салууга туура келди.
“Атамбаевдин бирөөнүн эсебинен мечит курдурдум дегени – бул Кудайды алдагандык болот, каапырдыктан да жаман. Бирөөлөрдүн эсебинен мен курдуртуп жатам деп мечит курдурткан. Мечитти адам өзүнүн эсебинен куруш керек. Ошондо Кудай эсепке алып коёт, ошондо эл эсепке алып коёт. Мына, документтер боюнча Атамбаевдин эч байлыгы жок, анда эмнесине мечит курдуртат? Башка бирөө курган. Мен муну каапырлыктан да жаман иш деп эсептейм”, – деген КР Жогорку Кеңешинде өзү өткөргөн маалымат жыйынында Өмурбек Текебаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: