Menu

Кабулдагы жардыруу үчүн талибдер жоопкерчилик алды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү күнү кечинде Кабулда болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Анда беш киши мерт болуп, ондогон адам жарадар болгон.

Reuters агенттигинин белгилешинче, жардыруу америкалык дипломат ооган бийлигине тынчтык келишиминин текстин көрсөтүү үчүн Кабулга барган маалда болгон.

Келишимдин долбоорунда Ооганстандан беш миң америкалык аскерди чыгарып кетүү каралган. Бул үчүн талибдер АКШга кол салууну көздөгөн экстремисттик топтордун даярдануусу үчүн Ооганстан аймагынан жер бербөө жоопкерчилигин алышмак.

Дүйшөмбүдөгү жардыруу шаардагы эл аралык уюмдар жайгашкан аймакта болгон. Биринчи жарылуудан кийин дароо эле райондогу электр генератору иштен чыккан.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү жардыруудан төрт жарандык адам каза болуп, дагы 50сү жаракат алганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: