Menu

Видео – УКМК: “Баасы $1 миллиондон ашык мыйзамсыз жолдор менен ташылып келген тамеки продукциялары кармалды”

Бөлүшүү:

1-сентябрда КР УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.И. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mercedes Sprinter» маркасындагы автоунаа кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма соз кызматы билдирет.
Аталган авто унааны текшерүүдө 79 кутудан турган акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы тамеки блоктору табылып алынды.

Такталган боюнча табылып алынган тамеки заттары КР жараны А.Б. таандык болгон.
2017-жылы А.Б. КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК), мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызмат адамдары менен жең учу менен сүйлөшүп алып, жакынкы чет мамлекеттерге, алардын арасында Орусия жана Казахстан өлкөлөрүнүн аймагына мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып турган.
Бишкек шаарындагы жайгашкан сактоочу кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000 миң куту тамеки табылды.
Алдын ала маалымат боюнча кармалып табылып алынган товарлардын баасы болжол менен 70 млн. сомдон (1 000 000 АКШ доллардан ашык) ашык сумманы түзүп, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 24 млн. сомдон ашык каражат түшпөй калган.
Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п. (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда А.Б. жашаган жерин аныктоо жана ошондой эле табылып алынган тамекилердин жалпы баасы жана башка төлөөчү жерлерге жана баажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын баасы аныктоо иштери жүрүп жатат.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: