Menu

Керим Турапов: “Эки адамдын өлүмү Жунусовдун абийиринде…”

Бөлүшүү:

Алтын үндүү Керим Турапов менен дагы бир  “коңур” үндүү Ибрагим Жунусовду тааныбагандар аз болсо керек. Бул эки таланттуу мырзанын ортосунан кайсыл убакта кара мышык аралаганын ким билсин. Анысын билбедик. Бирок, эски жараны жаңыртып, эски кегиби же башкасыбы, айтор ошол кездеги Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору, азыркы опера жана балет театрынын директору Керим Турапов Жунусовдун башынан ылдый жугунду куюп, жергиликтүү ММКлардын бирине  маек бериптир. Ал маегинде ошол кездеги маданият министри Ибрагим Жунусов кол алдындагы филармониянын директору Тураповду кер-мур айтышканы үчүн куугунтуктаганы айтылат. Төмөндө ошол маекти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

“Жумушту убагында сапаттуу бүтүрөлү деп эки сменде иштегенбиз. Душман алыстан келбейт экен. Жанымда жүргөн достордун ичи тардыгынан эле болду. Убагында Адахан Кимсанбаевич экөөбүз аны депутат кылдык, министрге чейин көтөрдүк. Биздин колдообуз менен чоң-чоң кишилер менен алака түзүп, коюн-колтугуна кирип, дагы көтөрүлдү. Ал жигит – Ибрагим Жунусов болчу. Экөөбүз бир аз айтыша кеттик эле, артымдан текшерүү жөнөттү. Абийирим таза болгондуктан “билгениңди кылып ал” дедим. Эсеп палатасынан текшерүү жөнөтүп, алар кынтык таба алган жок. “Мындай жарабайт, Керимдин кармай турган ишин тапкыла” – дептир. Алар “мыйзам буза албайбыз” деп баш тартышыптыр. Ошондо жеке аудиторлорду жалдап, коллективден айрым адамдарга “наам алып берем” деп кызыктырып, мага каршы тукуруп баштады. Кийин уксам мага мыйзамсыз иш баштаган аудитор да, мага каршы арыз жазган коллективдеги киши да каза болуп калыптыр. Экөөнүн өлүмү Ибрагим Жунусовдун абийиринде” – дейт Турапов.

Ошентип кайран Жунусов эски “досун” куугунтуктап жатып иштен алып тынат. Турапов да жөн жүргөн эмес экен, чоң жерде иштеп, дос күтүп, ошол досторунун арты менен “Бета Сторес” соода борборунун президентине кеңешчи болуп орношот. Эски дос эстен кетпейт демекчи, министр Жунусов Тураповдун майлуу-сүттүү жерде иштегени ичи таарып, “Бета Сторестин” президенти Юсуф Бейге чалып кызматтан алуусун талап кылат.

“Бета Сторестин” президенти Юсуф Бей досум болот. Мен жумушу жок калганда өзүнө кеңешчи кылып алган. Кылган деле оор жумушум жок, кычыраган кабинетте отурам, алган айлыгым беш миң доллар. Ошого татыктуу иштеп, кызмат кылайын десем андай деле жумуш табылбады. Маянамды актай албай аткандай жүрөгүм өйүп жаман болуп жүрдүм. Эки жыл иштедим дагы, “досум, сага эки дүйнөдө ыраазымын” деп кете бердим. Себеби даяр оокатка, ашыкча мүлккө алкымымды агытып көнгөн эмесмин. Өмүр бою таман акы, маңдай-терим менен акча таап келдим. Дагы бир себеби, ал жакта иштеп жатканымды Ибрагим угуп, Юсуф Бейге чыгып “кызматтан кетир” дептир. Юсуф “ал менин жакын досум” деп көнбөптүр. Мен кызматтан кетсем тынч уктасын, санаасы тынсын деп ал ишти да тапшырып бергем.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: