Menu

Фото – 7 жана 8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу билдирди.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча күбө катары болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин регламентин жана иш-чаралар планын талкуулап, бекитишти жана комиссиянын катчылыгы түзүлдү.

Комиссиянын катчылыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Райымкулов, Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана  Алишер Мамасалиев кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: