Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин Төрагасын өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, анын депутаттар үчүн өзгөчө маанисин белгиледи, анткени ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы үчүн жыйынтыктоочу болуп эсептелинет.

Президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Ал парламентарийлер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы бул багытта Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: