Menu

Өкмөт: «Сары-Чат – Ээр-Таш» коругунун аймагында чалгындоо жүрбөйт

Бөлүшүү:

«Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Ал «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилди» деген маалымат туура эмес экенин айтты:

– Коруктун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер «Сары-Чат – Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Кыргыз өкмөтү үчүн мамелкеттин кызыкчылыгы жогору турат. Жакында күчүнө кирген стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу бир да сөз болгон эмес. Ал каралган да эмес.

Эсенгул уулу берген маалыматка караганда, 1994-жылы 10 миң, 1997-жылы 26,6 миң гектар жер «Кумтөргө» берилген. 2005-жылы түзөтүү киргизилип, жердин аянты 26,3 миң гектарды түзгөн. 2009-жылкы толуктоолордон соң берилген жер 26,4 миң гектар деп толукталган.

Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясы менен мындан эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алкагында «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы 16 миң гектар жер аянты кен казууга кайра кайтарылып берилгени белгилүү болгон.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө, келишимге ылайык өкмөт мындан он жыл мурунку милдеттенмесин аткарганын айткан:

– 2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан.

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Эколог Динара Кутманованын айтымында, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы бул мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүп, Кумтөргө жакын турган жер тилкелери коруктун аймагына кирбей турган кылып, коруктун аянтын кичирейтип, картасын чийген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: