Menu

Өнөр жайда өсүш төмөндөдү

Бөлүшүү:

Быйылкы жылдын январь-июль айларында ички дуң продукциянын анык өсүшү 6,9 пайызды түзүп, 284,4 миллиард сомго жетти. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилинен жети пайызга жогору экенин Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, экономиканын көпчүлүк тармактарында өсүш болгон. Мисалы, өндүрүш продукциялары боюнча 19,5 пайыз өсүш байкалганы айтылды. Бул кайра иштетүү жаатындагы (25,1 пайыз) жана пайдалуу кендерди казып алуудагы (55,2 пайыз) алдыга жылуулардын эсебинен ишке ашты. Ошондой эле дүң жана чекене соода, автоунаа сатуу, кызмат көрсөтүү, мейманкана жана ресторан бизнесинде дагы өсүүлөр болгону айтылат. Аны менен катар көрсөткүчтөр төмөндөгөн дагы тармактар бар. Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткендиктен соода балансынын терс сальдосу 1 миллиард 451,4 миллион долларга жетти. Өнөр жайда, “Кумтөрду” эсепке албаганда, 2,9 пайызга төмөндөө болду. Бул тизмеге энергетика сектору дагы кирет. Анын ылдыйлоосу 2,8 пайызды түзгөнүн айтышат адистер. Жалпысынан алганда, бул аралыкта Кыргызстандын экономикасындагы анык өсүш 5,1 пайызды түзүптүр. Бирок бул көрсөткүчтө Кумтөр кенин иштеткен ишканалар эсепке алынган эмес.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: